Кыргызстандык жаш үч хоккейчи Канаданын командасында ойноого чакыруу алды

Кыргызстандык жаш үч хоккейчи Канаданын командасында ойногонго чакыруу алды. Бул туурасында маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өлкөнүн Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Мурат Жакыпов тастыктады.

Кыргызстандык жаш үч хоккейчи Канаданын командасында ойноого чакыруу алды

Маалыматка ылайык, хоккейчилер былтыр эл аралык мелдеште мыкты оюн көрсөткөндөн кийин чет мамлекеттеги клубдан сунуш түшкөн.

«Кыргызстандын балдар курама командасы машыктыруучу Ринат Мустафаевдин жетектилиги алдында эл аралык Golden Horseshoe турнирине катышкан. Мелдеш 2018-жылы 27-31 декабрда Канаданыны Торонто шаарында өткөн. Ага 2009-жылы туулган балдар катышкан. Бизден намысты 2010-жылы төрөлгөн оюнчулар  талашты. Жыйынтыгында курама команда «Жеңишке болгон эрдиги жана эрктүүлүгү» сыйлыгына татып, арасынан үчөө канадалык клубдун Select (тандап алуу — ред.) деңгээлинде ойногонго мүмкүнчүлүк алды. Бул бийик деңгээл», — деп билдирди Жакыпов.

Ошондой эле, дагы эки оюнчу Канададагы академиялардын биринде окуп жана машыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Клубка чакыруу алгандар Асан Абдыгулов, Илья Кубрин жана Умар Эсенов болсо, ал эми академияда Данил Соловьев мене Канат Мамыров машыга турган болду.

(Сүрөт интернет булактарынан алынды.)

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты