Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаттары аныкталды

Адабият жана көркөм өнөр жаатында Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаттары аныкталды.

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаттары аныкталды

Адабият жана көркөм өнөр багытындагы эл аралык сыйлыкты жазуучу Султан Раев «Топон» романы үчүн алды. Ошондой эле мындай сыйлык «Аталар керээзи» тасмасынын актеру Бакытбек Мукулга, «Саманчынын жолу» спектаклинде Толгонайдын ролун ойногон актриса Анара Сыдыгалиевага, Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кино жана спектаклдердеги ролу үчүн Нурканбек Турсунбаевге, Өзбекстандын эл артисти Мирзажон Азизовго, Бишкектеги «Учур» театрынын режиссеру Шаршенбек Шейшеновго жана театрдын беш артистине ыйгарылды.

Айтматов атындагы эл аралык клуб жана жазуучунун ысымындагы коомдук академия төрт жылда бир жолу адабият, маданият жана илим ишмерлерине академик наамын жана сыйлыктарды тапшырып келет. Аталган академиядан кабарлашкандай, бул ирет 2014-2018-жылдар аралыгындагы лауреаттар аныкталды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты