Лидер кыздар көп болсун

Лидер кыздар көп болсунЫсык-Ата районунун А.Токтоналиев айылындагы профессор А.Молдокулов атындагы мектеби менен Баткен шаарына караштуу Кызыл-Жол орто мектебинде “Жаш кыздардын жана келиндердин потенциалын арттырууга багыт берүү” деп аталган долбоор жүрүп жаткан учур. Долбоордун жетекчилери Дилбар Алимова менен Айзаада Усупованын айтымында, ар бир мектептен бүтүрүүчү класстардагы окуучу кыздар тандалып алынып, Жалпы Республикалык тестирлөөгө бекер даярдоо курстары өтүлүп жатат. Аны менен катар эле жаш кыздарда лидерлик сапаттарды өнүктүрүү, позитивдүү ой жүгүртүү, максатты туура коюп, аларга жетүү боюнча атайын тренингдер өтүлүүдө. Китеп окууну активдештирүү максатында эки мектепте китеп клубдары ачылып, айрым адабий китептер белекке берилди. Долбоордун катышуучулары ошол китептерди чогуу окуп, чогуу талкуулаганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жана Фулбрайтчылар ассоциациясынын колдоосу менен ишке ашууда.

Кызыл-Жол орто мектебинин директору Махабат Алимованын айтымында, бул долбоор алыскы айылдардагы мектептер үчүн эң керектүү нерсе. “Айыл жергесинде кыз балдарды көп учурда окутпай коюшат. Алар дароо эле окууну бүтөрү менен турмушка чыгып кеткен учурлар көп. Же ата-энеси кызын окуткусу келгени менен акы төлөнө турган даярдоочу курстарга окутканды каалабай, жалпы республикалык тесттен азыраак упай алып калышат. Ошондуктан минтип кыздарды бекер окутуп берип жатканы окуучулар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат. Буюрса, былтыркыга караганда, жакшы жетишкендиктерге жетип, жогорку окуу жайларга өткөн кыздарыбыздын саны көп болот деп үмүт кылып жатабыз” дейт мектеп директору.

“Биз буга чейин максатты канчалык так койсо ага жетүүнүн жолу ошончолук бат болорун билген эмес экенбиз. Кайсы окууга өтсөк ошого окуй беребиз деп жүрүптүрбүз. Бул тренингдерден кийин биздин оюбуз түп-тамырынан бери алмашты. Эми биз, ушул долбоордун катышуучулары, баарыбыз бүгүнтөн тартып максаттарыбызды кагазга түшүрүп, ага жетүүнүн жолдорун жазмай болдук. Анан тестирлөөгө даярдоо боюнча уюшулган бекер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жогорку упайларды алганга аракет кылабыз. Ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп бергениңиздерге чоң ыраазычылык” деди окуучу кыздар.

Акылбек Чынтемиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты