Ажылыкка аттанчулар 9-январда каттала баштайт

Кирип келген 2019-жылы ажылык сапарга бара тургандарды каттоо 9-январдан 31-январга чейин уланат.

Ажылыкка аттанчулар 9-январда каттала баштайт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлагандай,  талапкерлерди каттоо бир гана биометрикалык ID-карт паспорту менен жүргүзулөт.

Ажылык сапарга барууну каалаган жарандар алгач РСК банкына 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сом төлөнгөн квитанцияны алат. Анын негизинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын карамагындагы облустук, шаардык казыяттарда катталышы керек.

Ошондой эле, ажылык сапарга баруу үчүн электрондук каттоого турууга болот. Анын бир нече шарттары, талаптары бар: 2020-жылдын 31-январына чейин жарактуу болгон жалпы жарандык паспорту болушу шарт; №086 формасындагы медициналык тактама талап кылынат; Ушул өңдүү дагы 13 талап бар.

Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 5 485 орун берди. Өткөн жылы да ушундай эле сандагы орун бөлүнгөн.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты