Аблязов Казакстандагы соттун чечимин тааныбай турганын билдирди


Аблязов Казакстандагы соттун чечимин тааныбай турганын билдирди

Аблязов сот жараянынынан кабардар экенин, сот “жалган” өтүп жатканын айтты. “Мен казак сотуна көңүл кош караймын… Менде Казакстандын мага байланыштуу бардык чечимдери саясий мүнөзгө ээ деген Франция Жогорку сотунун чечими бар. Ошондуктан Казакстан бийлиги кабыл алган чечимдерди тааныбайм жана алар менен күрөшөм”,-деди ал.

Бул иш боюнча сот марттын башында башталган. Аблязовго адвокатты мамлекет дайындап берген. Саясатчынын айтымында, жактоочу аны менен такыр байланышка чыккан эмес. Адвокат Анжелика Ажигулова апрелде Аблязовдун кайда жүргөнүн билбей турганын маалымдаган.

Бул иштин алкагында Мухтар Аблязовго кылмыштуу топ түзүп, кызматынан кыянат пайдаланып, БТА банктын акчаларын уурдап кеткен деген айтып тагылууда. Декабрда Франциянын Мамлекеттик кеңеши Аблязовдун ишинде саясий өңүт бар деген жүйө менен аны экстрадициялоодон баш тарткан.

Жарыш сөз аяктоодо, жакынкы жумаларда өкүм чыгары күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты