Жылдын айкели: Чыңгыз Айтматовдун Москвадагы эстелиги

Жылдын айкели: Чыңгыз Айтматовдун Москвадагы эстелиги

Айкелдин авторлору Азамат Абдрахманов жана россиялык архитектор Сергей Павлов.

2018-жыл планетага таанымал улуу жазуучу, биздин Чынгыз Айтматовдун туулгандыгынын 90 жылдыгынын урматына Москва шаарында айкели тургузулду. 

Жыл өткөн сайын Айтматовдун чыгармалары жер жүзүнүн миллиондогон окурмандары тарабынан өзүнүн татыктуу баасын алууда. Ооба, кезинде Айтматов дүйнөлүк Нобель сыйлыгын алууга да татыктуу болучу. Аттиң, бул турмушта адамзатынын көпчүлүгү көкүрөк көксөгөн ой-тилектеринин баары эле аткарыла бербейт турбайбы! Бирок дүйнө Айтматовду окуду, тааныды, баалады жана дагы эле окуганын, таанышканын, баалаганын кылымдарга уланта  берээрине ишенебиз.

1984-1986-жылдары   мен Москвада окуп жүрүп, ар улуттагы курсташтарым, журналисттер, комсомол жетекчилери, октуучуларым Чыңгыз Айтматовду канчалык баалаганын көрүп-билип, чексиз сыймыктанчу элем. Бир ирет ал учурдагы капиталисттик деген Германия Федеративдүү Республикасынан Москвага келип окуган студенттер менен биздин группа кызматташ болуп, ар кандай иш-чараларды чогуу өткөрүп калдык.

Ошол кызматташтыктын алгачкы таанышуусунда Советтер Союзунун дээрлик бардык республикаларынан келгендер менен германиялык студенттер жолугушуп калдык. Алдынкы катарда отургандар өздөрүнүн өлкөсүн тааныштырып, жакшы жагынан көрсөткүсү келип, артыкчылыктарын айтып жатты. Таанышуу учуру кадыресе жүрүп жаткан  болчу. Кезек дээрлик акырына келип калганда,  туруп «Мен—Кыргызстанданмын» деп айттым.  Ошол бойлору эки метрге жакын немис студенттери жаныма басып келип, ийилип саламдашып, «Чыңгыз Айтматовдун өлкөсүндө туулган кандай бактылуу кызсыз!  Жамийладай, Алтынайдай  кыздар көп турбайбы силерде!» деп, колума бир бөлмөнүн ичине араң сыйган эбегейсиз чоң шарды карматып коюшту. Ошондогу сүйүнгөнүмдү айтпаңыз! Ошол шарды эки жыл бөлмөмө сактап, андан кийин Кыргызстанга алып келген элем.

Ошентип, Айтматовдой бир эле адам өлкөнү, бүтүндөй жердештерин сыймыкка бөлөгүдөй эмгек жасап кое алат турбайбы. Айтматовдун гумандуу чыгармаларын андан мурда эле көкүрөгүмө  бекем түйүп келсем да, ошол жолугушуудан кийин группалаштарыма, курсташтарыма Чыңгыз Айтматовдун китептерин Бишкектен  бир далайын  сатып барып, аларга бекер эле  берип жүрдүм. Анткени Москванын дүкөндөрүнөн Айтматовдун китептерин ошол кезде табуу оңой эмес болчу. Айрымдары кубанганынан менден кол тамга сурашчу. Бирок чыгарма Айтматовдуку десем да болбой, «китепти белекке берген жердеши баланча» деп жаздырып да алышчу. Москвада Чыңгыз агабызды ошондой баалашчу.

Эми айтайын дегеним, ушул узап бара жаткан, 2018-жылы Москва шаарында Чыңгыз Айтматовго айкел тургузулду.  Ал айкелдин автору Азамат Абдрахманов жана россиялык архитектор Сергей Павлов. Эстелик колодон жасалган. Постаментсиз бийиктиги 2 м 70 см.
Москва шаарынын Данилов районунда, Павлов көчөсү менен Подольск шоссе боюнда орнотулган. Мына жазуучунун ушул эстелиги да бизди сыймыктантаар окуялардын бири болуп калды. Баарынан да ал айкелдин кыргызстандыктардын көпчүлүгүнүн купулуна толгондугу болду.

Биз декабрь айынын башында ал айкел тургузулганда, окурмандарыбыздан  Чыңгыз Айтматовго дүйнөдө тургузулган эстеликтердин кайсынысы сизге жагат? -деп сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Анда  дал ошол Россиянын борборундагы айкел улуу жазуучуга тургузулган эстеликтердин алдыңкы сабында болду.

Ошондой эле  Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо борборундагы, Бишкек шаарындагы борбордук аянттагы, Түркиядагы айкел да аталып жатты.

Демек, окурмандардын көпчүлүк добушу менен Чыңгыз Айтматовдун Москвадагы эстелиги «Жылдын айкели»  деген наам ыйгарууга татыктуу.

Айгүл Бакеева

Добуш берүүнүн жыйынтыгы шилтемеде:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты