Жылдын акыркы күнү: Аба ырайы кандай болот?
- 6 лет мурун
- Маек
Бүгүн, 31-декабрь—2018-жылдын акыркы күнү. Жаңы жыл тосуу алдында аба ырайы кандай болот?
31-декабрда айрым аймактарда кар, жаан жаайт. Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Шамал улам бир багыттан өзгөрүулүп сотот. Секундасына ылдамдыгы 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда: түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Таласта: түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5;
Ысык-Көлдө: түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Нарында түнкүсүн -18…-24, күндүз -9…-14 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +2…+4 градус болот.
Сүрөт: «ПолитКлиника» .