Разаков: “Такталбаган, жалган маалымат инвестиция тартууга терс таасирин тийгизет”

Разаков: “Такталбаган, жалган маалымат инвестиция тартууга терс таасирин тийгизет”Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков инвестицияга жагымдуу шарт түзүү жана чет өлкөлүк жарандардын  мыйзамсыз миграциясын жөнгө салуу боюнча бүгүн, 29-декабрда,  кеңешме өткөрдү.

Анын айтымында, коомчулукка жайылтылган көбүнесе такталбаган жана жалган маалыматтар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизет. Чет элдик инвестициялардын үлүшү бар экономикалык багыттагы объекттердин ишмердигине тоскоолдук кылган айрым учурлар бар.

«Биз инвесторлорду чочутуп албоого тийишпиз, тескерисинче, алардын ишмердиги үчүн мыйзам чегинде болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Өлкөлөр ортосунда келип чыккан айрым бир маселелер тек гана дипломатиялык жол менен чечилиши шарт» деди вице-премьер.

Ошондой эле ал өлкөгө кирген чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясына өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.

Бул тууралуу Өкмөттун маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Сүрөт:  Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты