Бишкек мэриясы жерди конкурс менен берүүгө эки жылдык мораторий жарыялоону көздөйт

Бишкек мэриясы жерди конкурс менен берүүгө эки жылдык мораторий жарыялоону көздөйтБишкек мэриясы шаардык кеңешке жер тилкелерин конкурстук негизде берүүгө эки жылдык мораторий жарыялоо боюнча токтомдун долбоорун киргизди.  

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 28-декабрда билдирди.

Мэрия эми ижарага алынган жер тилкесине справка берүүгө тыюу салды.

“Справка ал жерге кандайдыр объект курулуп жана  мамлекеттик экотехинспекцияга эксплутацияга берилгенден кийин гана уруксат этилет. Ал эми объекттерге ыңгайлуу болуш үчүн объект жеңил бузула турган же тез жыйналса жана муниципалитетке карызы болбогон учурда берилет.

Мэриянын буйругу менен ижарага алынган жерди үчүнчү кишиге өткөрүүнүн тартиби мэриянын жер ресурстары башкармалыгынын катышуусу алдында  убактылуу регламент менен бекемделди.

Бишкек мэриясы шаардык кеңешке жер тилкелерин конкурстук негизде берүүгө эки жылдык мораторий жарыялоо боюнча токтомдун долбоорун киргизди.

Ошондой эле шаар кеңеши тарабынан борбордо жер тилкесин жеке менчикке аукцион аркылуу берүү боюнча чечимдин долбоору даярдалууда. Жер тилкеси, эгер ижарага алынган жерде макулдашылган долбоордун  70% ынан көп эмеси бүткөн болсо, түз сатуу аркылуу берилет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты