Экс-депутат Музаффар Исаков 7 жылга шарттуу соттолду

Экс-депутат Музаффар Исаков 7 жылга шарттуу соттолдуЖалал-Абад облусунун Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин мандаты 26-декабрда токтотулган  экс-депутаты Музаффар Исаков жети жылга шарттуу соттолгонун, анын үч жылы сынак мөөнөтү катары берилгенин Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бул кылмыш ишиндеги райондук архитектура жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерине шарттуу үч жылдык эркинен ажыратуу жазасы берилди.

Исаковго Баш прокуратура мурда Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөт башчысы болуп турганда айыл чарба багытындагы жерлерди жеке үй курууга менчик жер участогу катары ыйгарып, 315 мыйзамсыз токтом чыгарган, аны менен коррупциялык иш жасаган деп айыптаган.

Кийинчерээк Исаковдун ишине коюлган коррупция боюнча берене кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен алмаштырылган.

Сурөт: kenesh.kg сайтынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты