Митингчилер: “Педофилдерге—өлүм!”

“Педофилдерге—өлүм!” деген чакырык менен Ак үйдүн алдында митинг болду. Анын катышуучулары педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү талап кылышууда.

Митингчилер: “Педофилдерге--өлүм!”

Ленара Ниязбекова, коомдук ишмер:

“Коррупциянын гүлдөгөнү себеп болуп жатат”

Митингчилер: “Педофилдерге--өлүм!”

—Коррупциянын кесепети балдарга чейин тийип жатканына күбө болуудабыз. Кыргызстан коррупциянын өнүгүшү боюнча 120-орундан 29-орунга жетти. Ошол коррупциянын айынан жарандардын укуктары корголбой, социалдык-экономикалык жактан туруктуулукка жетише албай, миграцияга кетүүгө мажбур болуп, өздөрүнүн балдарын коргоого чама-чаркы жетпей жатат.

Алар балдарын мыйзамга ишенип таштап кетип жатышат. Бул жерде бир гана зордукталып жаткан балдар эмес, мектептерде болуп жаткан зордук-зомбулук жөнүндө да айта кетүү керек. Мисалы, мектептерде ата-энелерден, балдардан пардага, тамак ашка ж.б. керексиз нерселерге деп, ата-эненин социалдык абалын эске албай, акча чогулта беришет. Анан ата-энелер аргасыздан миграцияга кетип жатышат.

Ошентип, Кыргызстандын бөбөктөрү бүгүнкү күндө социалдык жактан аябай кордук көрүп жатышат. Айта кетчү дагы бир жагдай бар, бул интернет желелердин мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөй, апийим сыяктуу адамдын башын айланткан маалыматтардын айынан, улуттук идеологиянын жоктугунан жарандарыбыз стресске кабылып, турмуштан ыза болуп, күчүнүн баарын коргоосуз наристелерден чыгарып жатышат. Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Президент бул актуалдуу маселеге көнүл бурат деп ойлойм.

Нурбек Серкебаев, комузчу, ырчы:

“Педофилдер чоң акча берип кутулуп жатышат”

Митингчилер: “Педофилдерге--өлүм!”

—Мен бул жакка өз каалоом менен келдим. Эч ким чакырган жок. Менин дагы үч балам бар. Балдарга карата зомбулукту көрүп жүрөбүз. Чегине жетти деп ойлойм. Бул жагдай күчөгөндөн күчөп баратат. Илгери эмнеге болгон эмес? Анткени, андай адамдын эки бутун эки атка байлатып туруп, жулдуруп өлтүрүп салган. Анан коркуп, андай жаман иштер болгон эмес. Коомдо жаман адамдар калган эмес.

Эми кайра күчөп баратат, чоң акча менен кутулуп кетип жатышат. Ошондуктан, өлүм жазасы киргизилиши керек.

 

Назира Бегим, активист, журналист:

“Буларга катаал чара көрүлбөсө, Кыргызстандын келечеги өлөт”

Митингчилер: “Педофилдерге--өлүм!”

—Бүгүн митингге чыгышыбызга себепчи болгон акыркы эки окуя болду. Төрт жашар кызды зордуктап өлтүрүп койгон, сийип койгондогу үчүн сабап өлтүрүп койгон кылмышкер, бул маселенин жетер чеги болду окшойт.

Бул нерсеге көз жумуп отура албадык. Кандайдыр бир деңгээлде бийликке жеткирип, бул нерсеге кайдыгер карабай, ата-энелердин дагы көзү ачылсын, анан кылмышкерлерге өлүм жазасы кабыл алынсын деген талап менен чыгып отурабыз.

Акыркы беш жылдыкта наристелерге болгон зордук-зомбулук аябай күчөп кетти. Бул жерде педофилдер гана эмес, ата-эне баласын сабап өлтүрүп коюп жатат. Бул акылга сыйбаган нерсе. Атасы кызын зордуктап жатат, баласы энесин зордуктап жатат. Бул кыргызга жат көрүнүш. Ошондуктан, андайды азыртадан жоюп, кескин турдө катаал чарба көрбөсөк, Кыргызстандын келечеги өлөт. Мен бул жерге журналист же активист катары эмес, эне катары келдим.

Адилет Али Мыктыбек, жарындык активист:

“Негизги талабыбыз-өлүм жазасын киргизүү”

Митингчилер: “Педофилдерге--өлүм!”

—Бүгүнкү негизги талабыбыз-өлүм жазасын киргизүү. Конституциядагы мораторийди кайтаруу. Жалпы өлүм жазасы боюнча болбосо дагы, ушул педофилдерге карата кайтаруу. Өкмөткө, президентке, парламентке, Эмгек жана социалдук өнүгүү министрлигине кайрылуу жасадык.

Кылмыш кодексиндеги жаш балдарга карата сексуалдык зомбулукка болгон жаза күчөтүлсүн. Мындай акция форматынан конференция форматына өткөрөлү деп жатабыз. Оор кылмышкерлерди качанга чейин элдин эсебинен багып жүрө беришибиз керек? АКШда деле бул боюнча оор жаза берүү бар экен. Эгерде биз бул нерсени киргизбесек, жылына 140-150 бала педофилдердин кордугуна кабалып жатат. Бул аябай кейиштүү. Кыргызстандын тарыхында мындай абийирсиз, шылдың нерселер болгон эмес. Адамдар буга каршы болгондун ордуна, андайга көнө башташты. Элдин көңүлүн бурдуруу үчүн, кайдыгер карап калбаш үчүн ушул нерсени уюштуруп жатабыз.

Митингчилер: “Педофилдерге--өлүм!”

Митингчилер: “Педофилдерге--өлүм!”

Митингчилер: “Педофилдерге--өлүм!”

Митингчилер: “Педофилдерге--өлүм!”

Митингчилер: “Педофилдерге--өлүм!”

Ырысбү Кылычбек кызы.

Сүрөттөр автордуку.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты