Жыл жыйынтыгы: Тышкы байланыштагы жетишкендиктер
- 6 лет мурун
- Маек
Кыргызстандын тышкы саясатындагы 2018-жылдагы жетишкендиктердин айрымдарын санап өтөлү.
- Эл аралык аренада Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын майрамдалышы;
- 4-7-октябрда эл аралык Ысык-Көл форуму жана андагы “Чыңгыз Айтматов жана азыркы заман” интеллектуалдар форумунун өткөрүлүшү;
- Кыргыстанда 3-6-октябрда өткөң ОБСЕнин парламенттик ассамблеясынын жыйыны Борбор Азиядагы парламентаризмдин өнүгүшүнүн өбөлгөсү болду;
- 23-26-октябрда эл аралык Тоо форуму өттү;
- Бишкекте 15-16-ноябрда “Ислам азыркы светтик заманда” аттуу эл аралык конференциянын өтүшү;
- 20-декабрда Нью-Йоркто БУУда Кыргызстан демилгелеген “Борбор Азиядаы радиациялык коркунуч” рехолюциясынын кабыл алынышы;.
- 1-2-февралда Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга сапары;.
- Президент Жээнбековдун 23-24-августта Түркмөнстанга сапары;
- 20-22-июлда Чолпон-Атада Борбор Азия Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу;
- 29-мартта Ферганада жана 18-декабрда Ош шаарында Кыргызстан жана Өзбекстан Чек ара башчыларынын, чек ара облус башчыларынын жолугушуулары;.
- Россия менен алаканын чыңдалышы;
- Президент Жээнбековдун 6-7-июнда Кытайга сапары Кытайды стратегиялык өнөктөштүк катары көрсөтүшү;
- Европа Бирлиги менен саясий диалог;
- Кыргыз-түрк мамилесинин өнүгүшү.
- Араб мамлекеттери менен мамиленин жакшырышы. Кыргыз-Кувейт мамиоеси. 27-29-июлда Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп Палестина Тышкы иштер министри Рияд Аль-Алика Кыргызстанга келиши. 17-19-декабрда КР Тышкы иштер министри Ч. Айдарбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар менен барышы;
- Президент Жээнбековдун БУУнун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышышы жана сөз сүйлөшү;
- Кыргызстандын Шанхай Кызматташуу уюмунда төрага болушу;
- 3-сентябрда Чолпон-Атада Түрк мамлекеттеринин саммити өттү. Ушул жана башка иш-чаралар Кыргызстандын тышкы байланыштардагы позициясын чыңдады деп айтууга болот.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!