Туристтик милиция тааныштырылды

Туристтик милиция тааныштырылдыИчки иштер министрлигинде жаңы түзүм—Туристтик милиция уюшулду.

Туристтик милиция түзүмүн тааныштыруу аземине министр Кашкар Жунушалиев, анын орун басарлары, бөлүмдөрдүн өкүлдөрү, коомчулук катышты.

Туристтик милицияны түзүү боюнча буйрук министрликте ушул жылдын декабрь айында чыккан.

Туристтик милициянын милдети өлкөгө келген туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, чет өлкөлүк меймандарга ар кыл суроолор боюнча консультация берүү болуп саналат.

Жаңы түзүм өлкөдө туристтердин агымын арттырууга, бул жагынан мамлекеттин кадыр-баркын дагы көтөрүүгө кызмат кылат.

Сентябрь айынан баштап туристтик милициянын катарына кабыл алуу башталган. Мындагы негизги талап болуп милиция кызматкерлерине коюлуучу талаптардан тышкары, чет тилдерди жакшы билүү болуп саналды. Негизги талап англис тилин билүү болсо дагы, италия, француз, түрк тилдерин билгендер да топтолду. Алынган кызматкерлердин тең жарымы кыз — келиндер болду.

Туристтик милиция Бишкек шаарында түзүлдү.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты