Өкмөт фермерлерге лизинг боюнча уй сатып алууну каржылайт

 

Өкмөт фермерлерге лизинг боюнча уй сатып алууну каржылайтБиринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 28-декабрда, мал чарба лизинги маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Андв  «Айыл банк»  төрагасы Мурат Акимов сүт кластерин өнүктүрүү боюнча бет ачар сунуштады.

Бүгүнкү күндө атамекендик сүт тармагы   азык-түлүк өнөр жай тармагынын жүзү боло алат. Сүт тармагынын ассортименти жүздөгөн аталыштарды камтыйт жана бул тизме жаңы бренддер жана товардык позициялар менен үзгүлтүксүз толукталып турат.

Кийинки жылдары сүт иштетүүчү ишканалар тармак үчүн жаңы продукциялардын түрлөрүн өздөштүрүшүүдө. Бет ачардын жүрүшүндө белгиленгендей, мындай чаралардын бири катары – сүт өндүрүү жана кайра иштетүүгө адистешкен аймактардын негизинде кластерди өнүктүрүү болуп саналат.

Сүт кластерин уюштуруу механизмдеринин бири – «Айыл банк» тарабынан иштелип чыккан жаңы адистештирилген продукт – «Жогорку продуктивдүү асыл тукум мал лизинги», ал фермерлерге лизингдик схема боюнча сүт жана эт багытындагы уйларды сатып алууну каржылоого багытталат.

Бул долбоорду 2019-жылдын январында ишке киргизүү пландалууда, аны жүзөгө ашырууга 200 млн сом каралган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты