Шаардык сот иштен алынган кызматкердин арызын жарым-жартылай канааттандырды

Шаардык сот иштен алынган кызматкердин арызын жарым-жартылай канааттандырды

Шаар башкармалыгынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп эки жыл иштеген Маданбекова кызматынан 2016-жылдын ноябрь айында алынган. Ал буга жоолук салынып жүргөнү себеп болгон деп эсептейт.

— Мен жети жыл мамлекеттик кызматкер болуп жакшы эле иштеп жаткам. Бир дагы сөгүш алган эмесмин. Жаңы аппарат жетекчиси келип менин жоолугум жакпай, экинчиден, ордум керек болуп эле кетиришти, -деп билдирди ал.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы Маданбекованын кызматтан алынышы жоолукка тиешелүү эмес экенин жана ал ишине байланыштуу бир нече жолу сөгүш алганын “Азаттыкка” кабарлаган.

Сейил Маданбекованын иштен алынуусу мыйзамсыз болгону жана аны кайра жумушка алуу керектиги тууралуу арызын буга чейин Бишкектин Ленин райондук соту карап, канааттандырган.

Мэрия шаардык соттун соңку чечими боюнча комментарийди ал чечим расмий түрдө колго тийгенден кийин гана берерин билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты