Бала зордуктоого каршы акция өткөрүлөт

Бала зордуктоого каршы акция өткөрүлөтАк үйдүн алдында бүгүн, 28-декабрда, саат 10.30 да балдарга сексуалдык жактан кордук көрсөткөткөндөргө каршы акция уюштурулат.

Бул тууралуу жарандык акивист  Адилет Али Мыктыбек (Адилет Балтабай) билдирди.

Кийинки кезде балдарды кордоп-зордогондордун саны өсүп бара жаткандыгына байланышшуу коомчулук бул көрүнүшкө келишпес мамиле жасашы керек. Алар үчүн өлүм жазасына мораторий  алынып салынышы керек деп эсептешет активисттер.

Баш прокуратуранын маалыматына караганда 2017-жылы 824 кылмыш жасалса анын 106 сы сексуалдык кылмыш болгон. 44 кылмыш балдарды зордуктоого байланыштуу козголгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты