Касымалиева Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

Касымалиева Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайландыДепутат Аида Касымалиева парламенттин бүгүнкү, 27-декабрдагы, жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Анын талапкерлигин 91 депутат колдоду, 16 депутат каршы болуп, көпчүлүк добуш менен вице-спикерлик орунга олтурду.
Касымалиева Жогорку Кеӊештин депутаттыгына КСДП партиясынын тизмеси боюнча шайланган. Ал 1984-жылы Ош шаарында туулган. 2005-жылы Бишкек гуманитардык университетин журналист адистиги боюнча аяктаган. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт жана жазат.
КСДП фракциясы тарабынан кайра чакыртылып алынган депутат Асел Кодуранованын ордуна дайындалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты