Чыпалак баатыр милицияга маектешүүгө жеткирилди

“Чыпалак баатыр” деген лакап ат менен белгилүү болгон Зарылбек Аликенов, райондук ички иштер башкармалыгына социалдык тармакта кытай жарандарын Кыргызстанга киргизбөөгө чакырган видеосу боюнча маектешүүгө жеткирилген.
Ал видеосунда Кыргызстандын патриоту болууга, Кытайда этникалык кыргыздарды ур-токмокко алынып жатканын жана ага каршы күрөшүүгө чакырган.
https://www.instagram.com/p/Brx2bBWA6CA/?utm_source=ig_web_copy_link

Аталган видео чыккандан кийин Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Чыпалак баатыр менен профилактикалык маектешүү үчүн башкармалыкка жеткиришкен. Кийин ал бошотулган.
 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты