ГМО азыктарын алгыңыз келбейби? Анда жазууларын караңыз

ГМО азыктарын алгыңыз келбейби? Анда жазууларын караңызЕвразия экономикалык бирлигине кирген өлкөлөрдө 26-декабрдан тартып гендик модификацияланган продуктулар — ГМО азыктары  тууралуу кошумча талап киргизиле баштады.  

Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы боюнча, азыктардагы “ГМО” деген жазуу эми чоң шрифт менен жазылып, Евразия экономикалык бирлигинин белгисинин жанына коюлат.

ГМО азык тууралуу жазылган шрифт ЕЭБ белгисинин шрифти жана формасы менен бирдей болушу шарт.

ГМО азыктарга мындай белгилердин коюлушу кардарларга тамак-аш азыктарын каалагандай тандап алууга шарт түзөт.  Мындай өзгөрүүнү «Росскерекжарак көзөмөлү» уюму демилгелеп чыкты.

Мурда ГМОсу бар экендиги тууралуу белги кичинекей шрифттер менен жазылып, аны кардарлар көрбөй да калышы ыктымал эле.

Сүрөт: Интернет  булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты