Жол кырсыгынан 11 айда эле 600 дөн ашык  киши каза болду

ИИМдин маалыматы боюнча,быйыл 11 айдын жыйынтыгында өлкө боюнча 5798 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 600 дөн ашык киши каза болуп, 8 миңден ашык адам түрдүү жаракат алган. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков билдирди.

Жол кырсыгынан 11 айда эле 600 дөн ашык  киши каза болду

Депутаттын айтымында мындай жол кырсыктары жол коопсуздугун сактабагандыктан болуп жатат.

«Жол кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү айдоочулардын ылдамдыкты сактабагандыгынан болуп жатат. Ошондой эле, мас абалында айдагандар да себепчи болот. Бейкүнөө кишилердин өмүрүнө капыстан балта чаап албайлы. Шашкан балдарды тыйып туралы. Эң баалуу нерсе — адам өмүрү», — деди депутат.

Ал ошондой эле тийиштүү органдар кырсыктардын алдын — алуу үчүн иш-чараларды өткөрүп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керектигин кошумчалады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты