Ири суммадагы акча уурдады деген шек менен үч жаран кармалды

Бишкек шаарында ири суммадагы акчаны уурдады деген шек менен үч жаран кармалган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ири суммадагы акча уурдады деген шек менен үч жаран кармалды Ири суммадагы акча уурдады деген шек менен үч жаран кармалды Ири суммадагы акча уурдады деген шек менен үч жаран кармалды

 

Ленин райондук ички иштер башкармалыгына уурулук фактысы боюнча арыз түшкөн. Жабырлануучу арызында белгиисиз жарандардын автоунаа жабдыктарын саткан дүкөңгө кирип, сейфтен 630 миң сом уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164- беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

18-декабрда бул кылмышка шектелип, А.Н. жана И.Н. аттуу жарандар жана 25-декабрда Казакстан менен чектешкен чек арадан өтүүгө аракет кылган дагы бир жаран кармалган. Андан кийин алар өз эрки менен 1600 АКШ долларын кайтарып берген.

Ленин райондук сотунун чечими менен шектүүлөр СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

 

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты