Жээнбеков: “Реформага барууга саясий эрк жетишпейт”

Жээнбеков: “Реформага барууга саясий эрк жетишпейт”Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда Ала-Арча резиденциясында өтүп жаткан  соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынында соттук-укукук реформанын эмне себептен кечиктирилип жаткандыгына токтолду.  

Мамлекет башчысы 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы 5 кодекс жана 2 мыйзам күчүнө кире турганын эске салды. Андан ары мамлекеттик органдарда реформага эмне тоскоол болуп жаткандыгына токтолду.

 «Жумушчу топтун маалыматы боюнча, дагы эле эскиче ой-жүгүртүү ишибизге тоскоол болууда. Укук коргоо жана көзөмөл органдары эски репрессивдик мыйзамдардан кеткиси келбей жатат. Ал эми айрым мамлекеттик органдарда  реформага барууга саясий эрк жетишпей жатат. Кээ бир жетекчилер жаӊы укуктук мейкиндикке өткөндү жактырбай жатат», — деп белгиледи Президент.

Мамдеет башчы белгилегендей, ушул жылдын октябрь айында мамлекеттик органдардын жетекчилери, жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, анда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү талкууланган жана мыйзамдарга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген.

«Бирок, тилекке каршы, бул иш убагында бүтпөй калды. Өкмөт менен Жогорку Кенеш айрым кечиктирилгис мыйзамдарды кабыл алууну кечеңдетүүдө. Ошондуктан Жаӊы жыл башталганга чейин бул маселелерге дагы бир жолу кайрылып жатам», — деп белгиледи Президент.

Күн тартибинде көрсөтүлгөн маселелер боюнча маалыматты КР вице-премьер-министри Жеӊиш Разаков жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева беришет.

Ошондой эле райондор аралык соттор, тергөө судьясынын укуктук статусу, жаңы Жарандык-процесстик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жана судьяларды ротациялоо жөнүндө төрт мыйзамдын долбоору каралып, үч мыйзам долбоору боюнча Кеңештин мүчөсү, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева баяндама жасайт.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма соз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты