Төрөбаев: “Насыя каражатка көзөмөл жок”

Төрөбаев: “Насыя каражатка көзөмөл жок”Көптөгөн социалдык объектилердин курулушу маалында  бүтпөй тургандыгын, аларга көзөмөл жок экенин  депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн, 27-декабрда, Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Евробирликтин каражатына Беловодскиде жана Жалал-Абадда психоневрологиялык эки балдар үйү курулуп, быйыл Президент алардын ачылышына бармак.

Тилекке каршы, каражат убагында берилбегендиктен, алардын курулушу 2017-жылдан берүү аягына чыгарылган жок. Эми, мындай курулуштар арбын. Ошондуктан, Өкмөт жаӊы жылдан тарта бул маселени колго алып, эл аралык каржы уюмдардан алынган каражаттардын өз багытында колдонулушуна көзөмөлдү күчөтүшү зарыл», — деди депутат.

Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты