Депутат Акматов: “Айыл өкмөттөрүнүн иши токтоп калды”

Депутат Акматов: “Айыл  өкмөттөрүнүн иши токтоп калды”Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Алмазбек Акматов айыл өкмөттөрүнүн мурунку карыздарынын айласын таппай жатканын белгиледи:  

“Ушу тапта айыл өкмөттөрүнүн мурдагы карыздары сот аркылуу өндүрүлүп жатыптыр. Кезинде карызды алган жетекчилердин арасында өлгөндөрү, башка жакка дайынсыз кеткендери бар экен. Кыскасы, айыл өкмөт башчыларынын соттон башы арылбай, мурдагы карыздарды төлөй албай, абдан кыйналып турушат. Көп айыл өкмөттөрүнүн иши токтоп калды. Мындай абал өкүм сүрүп жаткан убакта Өкмөт четте калбай, тийиштүү чараларды көрүп, айыл өкмөттөрүнүн көйгөйүн жеӊилдетиши керек» деди депутат Акматов.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты