Анжелика Бекболиева VS Айчүрөк Иманалиева

Анжелика Бекболиева VS Айчүрөк ИманалиеваЫрчылар Айчүрөк Иманалиева менен Анжеликанын чыры дагы деле бүтпөй келет. Бул чырдын башы “Махабат көлү” деген ыр болгону белгилүү болду. Айчүрөк Иманалиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына нааразычылыгын биринчи болуп жазып чыкты. Ага Анжеликанын апасы жооп кайтарган. Муну менен токтоп калбай Иманалиева кайра экинчи постун жазган. Акыры Анжелика Бекболиева өзү дагы аралашып, жооп кайтарды.

Айчүрөк Иманалиева: “Ии, пожалуйста, научись петь”

“Анжелика аша чаап кеткен жоксуңбу. Жети жашыңдан мага берди сени… тияк-бияк текшерилип, баары норма болгон соң. Балдарымдын ырыскысын сени менен тең бөлүштүм. Бата менен алып кеткен соң, элге калп болбой баштаган ишти аягына чыгарайын дедим. Сахнага жүрүш-туруш, кыймыл-аракет баарын үйрөттүм. Клиптериңди тарттырдым, ырыңды жаздырдым, баарын өзүм төлөп. Биринчи концертиңди жасадым, Кыргыз драм театрына. Билеттин баарын тараттым тааныш-туугандарга, 100 сомдон. Кассага 50 жана 70 гана калтырдык. Искусственный аншлаг кылдым. Аты сага калды. Айтайын дегеним “Махабат көлү” деген ырымды бир ооз сурабай, кашкаңдап ырдап алганыңа жол болсун. 35 жылдык юбилейлик концертке ал ырды Аэлитага даярдап жатабыз. “Жар-жарды” го бир ооз сурасаң устатың катары жок демек эмесмин… Наглыйлыктын дагы чеги болот. Энеңдей болгон мага атаандашканыңа жол болсун. Үй-бүлөмө, мага болгон кол салуулар эч качан унутулбайт, Анжелика! Кимдерге ишенип мага мындай мамиле кылып жатасың? Молодость пройдет, Анжелика… а позор өмүр бою кала берет. Ии, пожалуйста, научись петь!“

Анжеликанын апасы: “Лакыйган кишилерге 16 жашында тааныштырып эмне кылайын дедиң эле?”

“Айчүрөк эмес Элиза ырдаган ыр ой! Эй, Айчүрөк! Что ты опять начинаешь! Сабаган балдарды түрмөгө каматпайт белең! Былтыйып акча алып отказной жазбай! Менин кызымдын бир процент дагы күнөөсү жок экенин доказала же ведь! Аэлитаң менен карганганыңды унутпа! Кудай бар. Эсиң барда этегиңди жый! Намазга турган элем. Кел сүйлөш, бекинбей! Ушак сүйлөгөнүңдү койбодуң го деги! Күйөөң экөөң Анжеликанын дүкөнүнөн 90 000 до сих пор карыз экениңерди унуттуңарбы? 10 жылда 5 ыр жазып бериптирсиң.  200000 берди го Сапар, Авлан байкеңдин көзүнчө. Туулган күнүңдө салонуңа эшиктерди ким коюп берди? Да все уже! Болдучу эй! Анжеликанын концертинде билеттерин мен сатып, бир  сомун калтырбай бердим го? Эмне деп жатасың? Кызыма жол киресине он сом бербей ыйлаткансың! Байкушум азыр да болсо “коюңузчу, мама” деп турат. Лакыйган кишилерге 16 жашында тааныштырып эмне кылайын дедиң эле? Сатып койгон жеринен Урмат ала качып кеткен! Сен менен жүргөндө акыры жок кылмаксың! Жөн жүр! Айтчу сөз толтура! Толду уже!”

Айчүрөк Иманалиева: “Ошол килтейген киши Мухтар Өмүракунов эмес беле?”

Анжелика Бекболиева VS Айчүрөк Иманалиева

“Американы ачып жатам дебейм, сөз кезеги келгенде айтайын, сени ал убакта Адыл Бакиев менен Айбек «колдоп» жүргөндүктөн арыз жазганыма карабай, көңүл бурулган жок. Кийин гана бийлик алмашканда, күнөөлүүлөр табылды. Апаң балдардан акча алып, «отказной» жазгансың деп атат. Ооба, жазганым чын. Чыңгыз деген бала тааныштарды ортого салып сүйлөшөлү деп чакырды. Алар мага «эже, өзүңүздүн эле кыз, эмне кыл дейсиз эми, балдарды чыгарып бериңиз. Талкаланган машинаңызга, дары-дармекке кеткен чыгымды төлөп берели» деген сөзү сөз бойдон калды. Апаң айткан былчыйган акчаны Кудай турат бир тыйынын көргөн да, алган да жокмун. Гулина апаң «кызымды килтейген кишилерге салып берерде күйөөгө берип салдым» деп жатат. Ал киши ыраматылык Мухтар Өмүракунов эмес беле. Анда сен 7-8-класста окучусуң. Москвага поезд менен концертке Назми, Сапар болуп чогуу баратып Мухтар менен телефондон сүйүүңөр жөнүндө сүйлөшүп жатканыңды угуп, Назми экөөбүз бири-бирибизди карап тоңуп калганбыз. Мен ошондо билдим экөөңөрдүн жакшы мамиледе экениңерди. Мухтар дос менин чыгармачылыгымды сыйлап бизди чакырган деп эле ойлогонбуз. Көрсө, иштин маңызы башка жакта экен. Өспүрүм кыз мындай чоң адамдар менен мамиле кылат деп миң уктасам түшүмө кирген да эмес. Жогоруда сен тууралуу айтылгандар мен билген фактылардын жарымы гана. Цирктеги өткөн сынакта кантип биринчиликти алганың жана Кытайдагы кылыгың тууралуу өзүң айткандай фактылар менен айта турган болсо, сөз көбөйүп кетет. Мен сага тийишпеген соң, сен да менден алыс бол».

Анжелика Бекболиева VS Айчүрөк ИманалиеваАнжелика super.kg порталына маек берди:

— Мени Айчүрөк эже ээрчитип алып, “Бул атасы жок кыз, апасы дагы кыйналып жүрөт, жардам берип койгула” деп спонсорлордон  акча сураган учурлары көп эле болгон. Мен анын жанында өзүмдү ырчы эмес эле, курал катары эсептечүмүн, азыр дагы ойлоп коем мени товар катары колдонгонбу деп. Мен турмушка чыккандан кийин дагы жолдошум Урматка “Сен менин нанымды тартып алдың, эми мени өмүр бою бак” деп айтты. Макул деди жолдошум. Ал жаздырып берген ырларымды сатып алдым. Сулуулук салон ачканда, лентасың кесип бериңиз, каалаган учурда келип бекер жасанып кетиңиз деп айттым. Кийим тиккен салонума дагы келиңиз, каалаган көйнөгүңүздү тигип берем дедим. Акчасын алчу эмесмин. Спорттук кийимдердин дүкөнүн ачканда дагы, үй-бүлөсү менен каалаган нерселериңиздерди алыңыздар деп астына төшөп бердик. Акчага такап жатат баарын. Мен эч нерсени акча менен теңебейм, эң башкысы ошол эже таарынбасын деп келем. Өзү дагы салон ачты, бүтүрө албай жатат элем дегенинен эшиктерин алып бердим. Мен мунун баарын коркконумдан эмес, чын жүрөгүмдөн жасагам, дагы да болсо жасай берем. Швейцарияга барганым боюнча “Эже, эмнеге минтип айттыңыз” деп сурасак, “Ушакчылардын сөзүнө ишенип алыптырмын, кечирип койгула” деп айтып, нан кармап, кызы менен карганган. Анан гезит ачып жаттым эле деп жардам сураганынан компьютерлерин алып бергенбиз. Качан токтолот эжекем, билбейм. Мен көчөдө Аргенди көрүп калып, кучакташып ыйлаганбыз. Анан Арген “Апам үчүн сенден кечирим сурайм” деп кечирим сураган.

Карлыгач Кудайбердиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты