Туман түшүп, кар жаайт. Нарында 22 градус суук
- 6 лет мурун
- Маек
Баткенден башка облустарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абаддын айрым райондорунда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда: түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Таласта: түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Ысык-Көлдө: түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…2 градус болушу ыктымал .
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!