Ильяс Бекболотов каза тапты

Ильяс Бекболотов каза таптыАскар Акаевдин мурунку котормочусу жана пресс-катчысы Ильяс Бекболотов каза тапканын “Көз карндысыз журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев фейсбук баракчасына жазды.

Ильяс Бекболотов 1972-жылы Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин, АКШнын Техас шаарындагы университетти жана Борбор Азия Европа университетин аяктаган.

Ал Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн котормочусу, Аскар Акаев президент кезинде  пресс-катчысы ж.б. кызматтарда иштеген.

Кийинки мезгилде анын оор дартка чалдыкканы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты