Аскар Шадиевдин мүлкү конфискацияланат (Тизме)
- 6 лет мурун
- Маек
Мурдагы вице-премьер-министр Аскар Шадиев 2018-жылдын 25-декабрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 10 жылга, күчөтүлгөн тартипте, мүлкүн конфискациялоо менен, эркинен ажыратылган.
Соттун чечимм менен Аскар Шадиевдин өзүнө жана жакындарына катталган конфискациялана турган мүлкү:
— «Карвен четыре сезона», уставдык капиталдын 3,33% ы;
— «Аква Инвест Плюс», уставдык капиталдын 50% ы ;
— «Карвен Групп», уставдык капиталдын 50% ы;
— Аламүдүн районундагы Орто-Сай айлындагы “Ала Арча” турак жай комплесиндеги жеке үй (№14);
— «Ала-Арча» турак-жай комплексиндеги жеке үй, контур (№19),
— Бишкектеги офис, Манас проспекти 11/1;
— «Тойота Лэндкрузер 150» машинасы;
— Коммерциялык банктагы Шадиевге таандык 5954 АКШ доллары (404 тыс. 872 сом) ;
— Шадиевдин аялы Асел Шадиевага таандык коммерциялык банктагы 57 069 АКШ доллары (3 млн 880 тыс. 692 сом) жана 290 миң. 535,99 сом;
— «Трейд Инвест» («Ала-Арча» соода-оюн-зоок борбору), уставдык капиталдын 100%ы;
— «Ларель», уставдык капиталдын 50% ы.
Шадиевдин жана анын жакындарынын конфискацияланган мүлкү– 1 млрд 852 млн 236 миң. 099 сом.