“М+А=Сүйүү”

“М+А=Сүйүү”

Мамлекеттик кызмат, саясат канчалаган чыгармачыл адамдарды өзүнүн торуна илип кетти.  Болбосо булардын баары “чымыны бар” инсандар эмеспи.

“М+А=Сүйүү”Чыныбай Турсунбеков

М+А=Сүйүү” деген
сүйлөмдү аппак бор менен
салат жазып…”

СДПК  лидери Чыныбай Турсунбеков саясатчы, андан мурун бизнесмен болгонго чейин чоң акын катары таанымал эле. СССР Жазуучулар Союзунун, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. Алгачкы ыры “Таңкы шаар” деген ат менен “Кыргызстан пионери” гезитине жарыяланган. 1985-жылы “Жүрөктөгү жаңырык” аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. 1989-жылы Жаш акындардын бүткүл союздук фестивалынын  лауреаты болгон.  Өткөн, 2014-жылы “Жалын тоо” аттуу ыр китебин жарыкка чыгарган. КР Жазуучулар Союзунун төрагасы, акын Акбар Рыскулов Чыныбай Турсунбековдун алгачкы ырлары Сергей Есениндин деңгээлинде жазылгандыгын белгилейт. Ал эми акын, журналист  Олжобай Шакир Чыныбай Турсунбековдун түрк акындарынын ырларын түрк тилинен мыкты которгонун айтат. Чыныбай мырза Осман Түркайдын ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын “Көкжалдардын өлүмү” романын, ошондой эле  “Түрк дүйнөсүнүн адабияты” аттуу эки томдукту түрк тилинен кыргызчага которгон. Эмесе, акын Чыныбайдын бир ырын чогуу окуп көрүп, дили таза, ою тунук балалык сезимдерге чөмүлөлү:

Жай чилдеде
Ызылдашат чиркейлер үйүлүп,
Кой сарайдын артына чөп үйүшүп.
Жүрүшөт окуучулар,
Күлүшөт шаттанышып.
Мурат менен Атыркүл бир боо чөптү
биргелешип үймөккө барат ташып.
Сарайдын эшигине Мааткеримов
М+А=Сүйүү деген
сүйлөмдү аппак бор менен
салат жазып…

 Алмазбек Атамбаев: “Мен сизди сүйөм…”“М+А=Сүйүү”

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин бир тобу чыгармачыл экени белгилүү. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев домбра чертип, ырдайт. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов бир нече музыкалык аспапта ойнойт, ырдайт жана ыр жазат. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин айылдаштары бала кезинен анын гитарада ойноорун, жакшы ырдай турганын билишет.
Кийинки мезгилде президентибиз өзүнүн ырларын аткара баштады. Адегенде орусча ырдаса, акыркы  кездери кыргызча ырлары да кошулду. Атамбаевдин эне, сүйүү тууралуу ырлары азыркы кезде хит болуп турат. Ырлары ю-туб каналы аркылуу кеңири жайылтыла баштады.
Ал 1989-жылы Жазуучулар союзунун адабий фондунун директору кызматында иштеген. КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын сап боюнча которуп, калем акы алып турган.

“М+А=Сүйүү”Амангелди Муралиев: «Горизонт чакырат»

Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиевдин эргип кеткенде ыр жазаары көпчүлүккө маалым. Анын мындан эки жыл мурун, 2013-жылы жарыкка чыккан  «Зовущий горизонт» («Горизонт чакырат») аттуу ырлар жыйнагына баш сөз жазган акын, профессор Вячеслав Шаповалов  Муралиевди «Борбор Азиянын азыркы орус тилдүү поэзиясындагы гуманизм салттарын жайылткан азчылык өкүлдүн бири, лирикалык миниатюралардын, философиялык монологдун устаты» деп атаган. Автордун ыр жыйнагындагы ырларын окуп, бул ойду четке кага албайсың. Бирок бир кемчилиги – Муралиев демократиянын шарданы менен кыргызча кадимкидей сүйлөп, эне тилин үйрөнүп алганы менен, ырды орус тилинде жазат. Аталган китепке чейин «Горный подснежник» аттуу ыр китеби чыккан.
Бардык эле  чыгармачыл адамдардай Амангелди мырза жан дүйнөсүн толкундаткан окуяларга, жерлерге күбө болгондо ыр жазаарын айтат. Өзгөчө аскердик милдет өтөп, башка жерге чыкканда, Ошто губернатор болуп турганда Апшыр-Сай,  Кара-Шоро сыяктуу жерлерди алгач көргөндө, чет жактарга чыккан кездерде толкундап кеткенде, токтоно албай, ой-толгоосун ырга салат. Философиялык, ашыктык жана арноо ырларын жаратат. Жакында Ишенбай Абдуразаковду эскерүү реквием-конференциясында ал кишиге арнап «О чем молчат тополя Иссык-Куля» аттуу ырын окуп берип, отургандарды терең ойго салганына күбө болгонбуз.
Амангелди Муралиевдин көпчүлүккө белгисиз дагы бир өнөрү тууралуу айта кетели. Ал техника жаатында ойлоп чыгаруучу жана рационализатор. 10го жакын ачылыштын автору,  «СССРдин ойлоп чыгаруучусу» төш белгинин ээси. 1977-жылы илим жана техника жаатында Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын жеңип алган. Амангелди Муралиев Кыргызстанда колдонулуп жүргөн чөп таңгактагыч пресс-подборщиктердин автору экенин да айта кетели. Эми окурман, Амангелди мырза кыргыз тилинде жазгыча же кыргызчага которгуча, орус тилиндеги ырларынан бирди чогуу окуп коёлу:

За чертой горизонта — мои корабли    

Что душа потеряла в далёкой дали,

Никогда она не забывает,

За чертой корабля — мои корабли,

И земля мне себя открывает.

И зовут меня странствий земных голоса,

Лица близких — как отсветы солнца,

И шумят надо мною любви паруса,

И вперед мое время несётся.

Это—воспоминанье, что вечно со мной,

Счастье, прожитое так мгновенно,

Всех надежд и печалей напев золотой,

Всех далёких сражений арена…

Позови, горизонт! Обновленья черта

Там прекрасно, что недостижимо:

Никогда не сливаются явь и мечта,

Но влекут они обе незримо.

Где душа пробудилась — святые места.

Память — сердца медовые соты.

В дальних далях вселенной — маячит мечта

И, как прежде, зовут горизонты!.. 

“М+А=Сүйүү”Курманбек Осмонов Рысбай, Асангалый, Түгөлбайдын ырларын ырдайт

«Ата-журт» партиясынын экс-депутаты  Курманбек Осмонов аккордеон чертет, ырдайт. Осмоновдорго музыкалык шык, дарамет тайлары жагынан келген экен. Курманбек мырзанын айтымында, таятасы комузда кол ойноткон өнөрлүү адам болгон. Агасы Кубанычбек Осмонов белгилүү обончу, аккордеондо ойнойт. Курманбек мырза бала кезинде агасынын артынан калбай, аккордеон черткенди үйрөнүп алган. Курманбек Осмоновдун уулу да гитарада ойнойт.  Ал эми өтүнүч боюнча Курманбек Осмонов ырдап да бериши мүмкүн. Айрыкча Рыспай, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаковдун ырларын жата калып угат жана репертуарына кошуп ырдайт.

Жыпар Жекшеев, УТРКнын Байкоочу кеңешинин“М+А=Сүйүү” төрагасы

Сүрөттөрүн жоготуп алган

УТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевди сүрөтчү десе, көпчүлүк бизди кесиби жагынан жаңылып жатышат го деп ойлошу толук ыктымал. Анткени Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон чейрек кылымдан бери көпчүлүк Жыпар Жекшеевди саясат айдыңынан, коомдук иштерден көбүрөөк көрүп-билип келатат. Саясат Жыпар мырзаны тартып кетип, өзүнүн негизги сүрөтчүлүк кесиби унутулуп калган. Болбосо Жыпар мырза Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн дипломдуу сүрөтчү-декоратор. Сүрөтчүлүк кесипке ээ болсом деп бала кезинен дегдеп, көл жээктеп, сулуулукка кызыгып, тамак ичкенди да унутуп калып, боекту колунан түшүрбөй жүргөнүн өзү айтып берген. Бир катар көргөзмөлөргө живопись жагындагы эмгектерин коюп келген. Турмуш кыстаган учурларда өтүнүч менен сүрөт тартып да жүргөн. Өкүнүчтүү жагы — саясатта куугунтукка алынып жүргөн жылдары сүрөтканасындагы тарткан сүрөттөрү жоголуп кеткен.

“М+А=Сүйүү”Каныбек Иманалиев: “Жол калды жондо жомогун айтып агарган…”
ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин негизги кесиби журналист болуп, акын, жазуучу катары кеңири таанымал. Анын “Арзуу ыры”, “Жоогазын ыры”, “Алтын көлдүн ак куусу”, “Тагай бий” повести, “Саякбай”, “Каганат”, “Шабдан баатыр” аттуу романы чыккан. Каныбек мырза поэзия менен саясат бири-бирине кайчы келген эки башка дүйнө деп эсептегени менен, саясатта жүрүп чыгармачылык тизгинин да кошо алып келе жатат.

Каныбек ошондой эле саясат таануу илимдеринин доктору.

Анын 90-жылы жазган ырынан бирди чогуу окуйлу:

Турна бой жолдо турабыз досум экөөбүз,

Туман. Боз талаа учуна кантип жетебиз.

Тапталган жолду таптадык биз да экөөлөп

Тулаңга келдик, тулаңдан ары нетебиз.

Жол калды жондо жомогун айтып агарган,

Жол калды жорго жоргосун салып тердеген.

Таш калды такыр ордунан жылбай сенейген

Ташталды балким, астында дагы нелер бар.

Кыйналдың билем, кычырап тишиң сөгүнбө,

Качырып келип тулаңга бизди сиңирген

Касиетиңен, каныбыз тамган жол ушу

Кантебиз бирок, каякка барат жол учу.

Тушалдык калдык, туштуккан ойлор тумчугат.

Тулаңдан ары тушма-туш эми ким чыгат.

Тыңшачы балким, демиңди басып тыңдачы

Чаң чыккан жактан чанда бир кезде ыр чыгат. 

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты