Парламенттеги фракция лидерлери Отунбаеванын Текебаевге ырайым кылуу кайрылуусун колдоду

Парламенттеги фракция лидерлери Отунбаеванын Текебаевге ырайым кылуу кайрылуусун колдодуЖогорку Кеңештеги төрт фракциянын лидерлери экс-президент Роза Отунбаеванын камакта жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча Президентке кайрылуусун колдоду. Кийин дагы эки фракция колдоп чыкканы белгилүү болду. 

Колдогондор: «Ата Мекенден» Алмамбет Шыкмаматов, «Өнүгүү-Прогресс»- Бакыт Төрөбаев, «Кыргызстан» -Алмазбек Батырбеков, «Бир бол» фракциясынан Алтынбек Сулайманов.

Бул тууралуу Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджанов фейсбук баракчасына жазды.

Айта кетсек, экс-президент Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча Президентке кайрылуу кат жолдогон. Ал ЖК фракция лидерлерин да кайрылууну колдоого чакырган.

Экс-президент Отунбаеванын Кайрылуу каты бул шилтемеде:

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты