Отунбаева: «Ырайым берүү күнөөнү мойнуна алуу шартын койбойт»

Экс-президент Роза Отунбаева Президент Сооронбай Жээнбековдон “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү өтүнүчү менен кат лдогону тууралуу маалыматты “Роза Отунбаеванын” демилгелери” коомдук фонду таратты.Отунбаева: "Ырайым берүү күнөөнү мойнуна алуу шартын койбойт"

Отунбаеванын пикиринде, экс-президент Алмазбек Атамбаев аны өч  алуу максатында гана камаганын билдирди:

“Коомчулуктун баарына бул саясий буюртма экени анык болчу. “Ата Мекен” партиясынын лидери болуп туруп Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаевди жана анын командасын Жогорку Кеңеш трибунасынан ачык эле сындап турган. Ошондуктан өч алуу максатында Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевдин кадыр-баркына шек келтирүү жана соттоо үчүн соттук-күч механизмин колдонгон” деп айтылат кайрылуу катта.

Ошондой эле Отунбаева мунапыс берүү  күнөөнү мойнуна алуу же өкүнүү шартын койбой турганын белгилеп, ырайым берүү соттолуучу кайрылбаган күндө да бериле турганын кошумчалады.

Ал эми Өмүрбек Текебаев орус жараны Маевскийдин көрсөтмөсү боюнча коррупция беренеси менен айыпталып, 8 жылга соттолгону белгилүү.

Жакында мамлекет башчы Жээнбеков жыл жыйынтыгындагы пресс-конференцияда, эгер Текебаев мунапыс берүү тууралуу кайрылса, өтүнүчүн орундатарын билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты