Президенттик стипендия 69 студентке тапшырылды

Президенттик стипендия 69 студентке тапшырылдыПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда, жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

Мамлекет башчысы билим алууда мыкты ийгиликтерди жаратып, стипендияга татыктуу болушу менен студенттерди куттуктады.

“Бул жерде отурган жаштар, силер, 160 миңден ашуун студенттердин арасынан өзүңөрдүн билимиңер менен, эмгегиңер менен айырмаланып, эң жакшы жетишкендиктерди багынтып отурасыңар. “Билимдүүгө дүйнө — жарык” деген элдик нуска сөз бекер жеринен айтылган эмес. Силер канчалык билимдүү болсоңор, аалам силер үчүн ошончо жарык болот, ошончолук жолуңар ачык болот”,- деп белгиледи Президент.

Президенттик стипендия 69 студентке тапшырылды

Мамлекет башчысы жаштар жакынкы келечекте санаритик платформага негизделген Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы деңгээлге чыгарууга түздөн-түз катышат деген ишенимин билдирди.

Айта кетсек быйыл жарыяланган конкурстун натыйжасында 69 студент президенттик стипендияга татыктуу болду. Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 000 сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылат.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүрөттөрүн тарткан: Султан Досалиев.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты