Айнура Темирбекова: «Орун бошотчу мезгил келди»

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбеова кызматынан кеткенин фейсбук баракчасына жазды.

Министрликтин орун басары Темирбекова кызмаАйнура Темирбекова: "Орун бошотчу мезгил келди"тынан кетип жаткандыгынын себебин жаңы идея, жаңы мүмкүнчүлүктөргө орун бошотуп берип жаткандыгы менен түшүндүрдү:

“Менин кызматтан кетип жатканымдын себеби жаңыча иштөө, жаңы идеялар жана мүмкүнчүлүктөргө орун бошотууга мезгил келди”  деди ал.

Айнура Темирбекова бардык тармактар менен иштешүүгө даяр экенин жана мындан ары да Кыргызстанга пайдалуу иш жасоону максат кылгандыгын билдирди.

Ал  бирге иштешкендердин бардыгына, ОБСЕ, Интерньюс, эл аралык уюмдарга, Сорос фонду,  UNDP, медиа уюмдарга жана маданият тармагындагы кесиптештерине, мамлекеттик кызматта иштегендерге ыраазылык билдирди.

Айта кетсек, Айнура Темирбекова Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 2013-жылдын август айында дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты