ЭСЕН ЖҮРҮП, ЭСТЕЙ ЖҮР!

ЭСЕН ЖҮРҮП, ЭСТЕЙ ЖҮР!Белгилүү орус жазуучусу В. Распутиндин көпчүлүккө айгине китебинин («Живи и помни») аталышы аргасыз эсиме келип, макалама тебетей кылып кийгиздим. Шашылба, окуучум. Булардын сюжеттери дегеле параллель болчу нерселер эмес. Тек гана адам тагдырынын туулгандан көзү өткөнгө чейинки, илимдин тили менен айтканда, ретроспективасы окурманды азгырып, кумарлантып жүрүп отурат. Экинчиден, каарман жеке мага да кандайдыр бир даражада тааныш адам болгондугу менен да кызыктуу.

— «Сүйүнчү, Дубана байке, Токтош жеңем уул төрөдү. Сүйүнчүлө дешти. Сары-Ойдон бери жөө-жалаңдап араң жеттим. Насипа апам жиберди», — деп башталат, повесть.

«Кайран Эсен!», «Кайран Эсекең!» — деп узун сабак сөз кылып, анын кыял-жоруктарын, кылган кызматын айтып жатышты, анны акыркы сапарга узатууга келгендер» — деп бүтөт повесть.

Илгери эле Максим Горький: «Ар адамдын өлүмү улуу тарых барагынын жабылышы» деген экен. Кубаныч-ыракатка, ый-күйүткө, үмүт-тилекке, ыза-чыккынчылыкка толгон адам өмүрү айтпаса – бекилүү сандыктай, айта келсе – түгөнбөгөн баян. Чолпон-Ата аймагындагы нечендеген жылдар бою көл шапатасына шуудурап, жол боюнда каз катар өсүп турган мырза теректер мынчалык сырдуу да, мынчалык армандуу деп ким ойлоптур? Раппопорт деген ысым ушул теректердин көчөтүн тиккен адамдардын кадыресе бири катары сезилчү.

Тал-терек өстүрүп, жол боюн көрктөндүргөн ал адам, бир караганда көл жакалаган кыргыз журтун урматтаган алдыңкы көз караштын адамы экенинен башка жоругуна ким шектенет? Асыресе, андан бери көптөгөн жылдар өтүп, муундар алмашып, баштагы стереотип балбал таштай бекем орноп калганы да бар.  Эл ичинде «ачпаса – ким көрөт, айтпаса – ким билет?» деген таамай сөз жашайт. Автор өзү бирге окуган, курдаш-сырдаш ДОСу Эсен Дубанаевдин өмүр жолун жазуучулук сергек ой-сезиминен өткөрбөсө – «Байтеректер баяны» ак барактарга түшпөй, эл оозунда болумуш катары жашап жүрмөгү айкын эле. Философияда «Случайность – следствие закономерности» деп айтылат. Кыргыздын жалпак тилине которгондо: «Жел болбосо – теректин башы кыймылдабайт». Же себепсиз эч нерсе жок. Андан ачуураак айтсак: «Жакшынын – шарапаты, жамандын – кесепети».

Эсен – чыгарманын каарманы катары төрөлгөндөн көзү өткөнгө чейин учурдун, айлана-чөйрөнүн, айланасындагы түркүн кыял-жоруктагы пенделердин курмандыгы. Ал өзү да бир чети – бактылуу, бир чети – бактысыз пенде. Анда күнөө жок, бирок байкоосуз жаңылыштыгы толтура. Жашоодон сабак алгыча алдыдан жаңы жаңылыштыгы күтүп турат. Ымыркай чагында курулай жалаадан жапа чегип дайынсыз жоголгон Дубана атасынын тагдыр жолу да ага сабак боло албады. Тууган чалыш Бурганак зилинде анын атасынын душманы, акыры анын арам ою капыстан ачыкка чыгып, «вредитель»  деген атка кондуруп, көзүн тазалаганга жетишти.

Автор повестинин өзөгүндөгү тымызын кастыкты, арамзаадалыкты устаранын мизиндей кылдат сыпаттап жүрүп отурат. Бурганак ошол «бөрк ал десе – баш алган» желдеттердин эл ичиндеги тыңчы-агенти сыяктуу, ал НКВДынын ураанын эң жакшы өздөштүргөн кыргыз бөрктүү бечера. Ал карып-картайганча котур ташын колтугунда жылытып жүрөт. Бир кезде Дубанага ыргытылган ташын эми «Акчалуу Эсен», «Бай Эсен» деп жаңыдан атагы чыгып келаткан анын уулуна ыргыткысы бар! Анын көзүн көргөндө «Атаң, кайран Дубана, Раппопорттун көчөттөрүнөн уурдап, кармалып кетпедиби», — деп боору ачыган болот. Алабарман уулу Амандын оодарыштагы ызасынан улам Эсенге баш талаштыра камчы шилтеп жибергенине табасы канат үшүп, бирок эзелки көрө албастыгын жууп-чайыган болуп, «Эсен баатыр, биз түбү тууганбыз. Үйдөн козу жеп кет», — деп жууттанат.

Кантсе да элибиздин көрүнүктүү проза чебери, Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун кезектеги бул повести терең психологизм ыкмасында жазылганына окурман өзү оңой эле ынанат. Бул беллетристтин кезектеги чыгармачылык бийиктиги.

Повесттин эң соңку саптары окурманды дагы ойго салат: «Түбөлүк эч нерсе жок тура. Түбөлүккө социализмге эстелик болот деген Чолпон-Атадагы айтылуу Раппопорттун аллеясы да, Сары-Ойдогу «Эсендин бай тереги» да азыр жок. Мурдагы кан жолду талкалап кеңейткен жаңы магистралдын курмандыгы болуп кыйылды, алар»…

Бул – курулай философия эмес, жашоонун катаал чындыгы.

Токтосун САМУДИНОВЭСЕН ЖҮРҮП, ЭСТЕЙ ЖҮР!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты