«ЗИЛ» лыжа базасында кышкы спорт сезону ачылат
- 6 лет мурун
- Иликтөөлөр
“ЗИЛ” лыжа базасында бүгүн, 22-декабрда, кышкы спорттук сезон ачылат.
Биздин өлкөнүн спорттун кышкы түрүн өнүктүрүү боюнча да чоң дарамети бар. Спорттун кышкы түрүнө кызыгып, Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандар да арбып бара жатат.
Туризм департаменти бүгүн спорттун кышкы түрүнүн расмий ачылышын “ЗИЛ” лыжа базасында өткөрөт.
Спорттун кышкы түрүнүн ачылышына Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, мамлекеттик мекеме-ишканалардын, ири компаниялардын өкүлдөрү жана башка меймандардын катышуусу күтүлүүдө.
Спорттун кышкы түрүнүн расмий ачылышында оюндар, конкурс, викторина, артисттердин концерти менен коштолот.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Сүрөт: Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан берилди.