Алия Шагиева: “Апам азыр да базар кыдырат”

Алия Шагиева: “Апам азыр да базар кыдырат”

Президент Алмазбек Атамбаевдин кенже кызы Алия Шагиева кайрадан ФБ баракчасында пайда болуп, өз ойлору менен бөлүшө баштады.  Бул сүрөтчү кыздын жазуучулук да таланты бар экен. Анын орус тилиндеги жазгандарынан которуп, окурмандарга сунуш кылабыз.

Алия Шагиева: “Апам азыр да базар кыдырат”Теректин тыбытына толгон май айынын абасы. Күн нурун жутуп,  абада айланып-айланып, тыбыт машинанын терезесинен кирип атат. Бул жолу биз тыгында тургубуз келбей,  жөө бараттык. Колумда индиялык дүкөндөн алган нерселерим, бир литр максым, анан жаңы ойгонгон Таир. Катар турган дүкөндөрдүн жанындагы аянтка алпарчу тепкичте Таирди эмизип олтурам.  Ичим жылып, дегеле ыраазы болуп турам: индиялык дүкөндөн кочкул-кызыл түстөгү чүпүрөк сумка таптым. Анын ичине ойлорумду жазып турчу блокнотумду, телефон, ачкычтарымды, анан албетте, баланын кийимдерин салып алууга ыйгайлуу экен. Мурун ушунун баарын Костянын асынма баштыгына, рюкзагына салчу элек.
Сумканы кармалап көрүп, сатуучудан:

—Бул канча сом турат? — деп сурадым.

—Тогуз жүз элүү, — деп жооп берди ал.

Мен Костяны карап, мага белек катары сатып ала алаарыбызды сурадым. Сураганымдан уялып да турдум.

—Билесиңби, — деди ал, — кээ бир кыздар миң долларлык сумка көтөрүп жүрүшөт, эчтеке болбой эле.

“Чын эле, — дедим ичимен, —Менин башкалардан эмнем өзгөчөлүү?”

Бул менин ачкөздүгүм же акчаны эле ойлоп калганым эмесАлия Шагиева: “Апам азыр да базар кыдырат” экенин даана сезип турдум. Бул менин балалыгымдан калган нерсе болуш керек.  Тээ бир кезде апам бизди үнөмдөөгө,  зарыл керектүү нерсени гана сатып алууга үйрөткөн кездерден калган нерсе болуш керек.  Эсимде, биздин шаарда SELA дүкөндөрү пайда болгондо апам 70% арзандатуу болгон убакты күтүп, ошол убак келгенде гана бизди, агам экөөбүздү дүкөнгө алып барчу эле.  Ал дүкөндөргө барганга чейин “Дордойго” каттачубуз.  Айтмакчы, апам базарга азыр деле барат. Элдин назарынан оолак болуш үчүн кара көз айнек кийип алат, базар кыдыргандан ал ырахат алат болуш керек.  Агам экөөбүздү жөнөкөйлүккө үйрөткөндүгү  үчүн ыраазы болуп келем. Мен балама да ушул сапатты үйрөтөм.  Дайым эле бир нерсени талап кыла берүү жакшы сапат эмес да.

Ошентип,  биз сумканы сатып алдык.  Сумкага ороо-чулгоолорубузду, ползункалар менен подгузниктерибизди салып алып Юрьевка айылына жакын жердеги тоого барып келгенге да жетиштик.

Мен ошол жактарда, көчөнүн ошол эле жагында тепкичте олтурсам, бет маңдайымда бир жаш бала токтоп калды да, фотоаппаратын алып чыкты, билинээр-билинбес жылмайып, каратып туруп эле мени сүрөткө тартып алды. Бир же бир нече жолу сүрөткө тартты окшойт мени. Бир саам аны теше тиктеп калдым, балким уялып кетип, камерасын алып кетеби деп. Бирок ал уялып да койгон жок, бир чоң иш жасагансып, кебелбей кафенин арты жагына басып, ошо менен карааны үзүлдү.  Мен болсом башыман ылдый бирөө суу куюп жибергендей боло түштүм.  Тиги неменин артынан кууп жетип, ага жүрүм-турум эрежесин үйрөтөйүн дедим. Эгер Таир эмчек эмип жатпаган болсо, ошентип эле кууп бармакмын. Антпей эле ордумда отуруп эле калдым, мени бирөө “сен да кишисиңби?” деп айтып кеткендей болду. Киши эмес эле, бир буюмга окшоштурдум өзүмдү.

Абдан ачуум келди, анан дем алып, демимди ичиме катып, абалыма баа берип,  түшүнүүгө аракет кылдым. Албетте, бул оңой иш эмес, бирок мен ар күнү бир нече жолудан ушинтем. Бул ойду бир жерге топтоого, эмоцияга алдырбоого жардам берет. Эгер силер кайсы бир жаман нерсени унуткуңар келсе, дем алып, анан демди ичке кармап турсаңар, бул дүйнөдөгү бардык нерсенин эки жагы бар экенине ынанасыңар.

Тепкичте олтуруп, ушундай көнүгүү жасадым, анан башыман кандайдыр оор жүк кеткендей, эс ала түштүм. Ал кишиге ачуулануунун деле кажети жок, ага бул тууралуу айтуунун деле. Мени бирөө уруксатсыз сүрөткө тартып жатканда, мен эмнени ойлогонумду ал кайдан билсин, билсе дагы өзүнүн оюна келгенин жасап,  буга маани деле берген жоктур.  Балким  бул ага адаттагы эле көрүнүш болушу керек.

Алия Шагиева: “Апам азыр да базар кыдырат”Мен болсо аны айыптоонун ордуна, бул абалды түшүнүүгө аракет кылгым келет. Эгер менин оюм ордунан чыкса, анда бул кимдир-бирөөгө да жардам берип калышы мүмкүн.
Эртеси күнү мага “Заноза” сайтындагы макаланын ссылкасын салып жиберишиптир, анда бишкектик бирөө алардын редакциясына президенттин үй-бүлөсү жөнөкөй болуп, кайтаруусу жок шаарда жүргөндүгүн жазып жибериптир. Албетте, мени сүрөткө тартып алган кишинин чыныгы максатын мен билбейм, албетте, мындан кийин деле биле албайм да.    Анын кажети деле жок. Ал абалды сен өзүң кандай кабыл алдың жана жан дүйнөңдү канчалык ачып берүүгө даяр экениң — маанилүү. Ызага батырып, сени абдан капалантат андай учурлар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты