Мамлекет башчынын жыйынында эмнелер белгилүү болду?

Мамлекет башчынын жыйынында эмнелер белгилүү болду?Мамлекет башчынын 19-декабрдагы басма сөз конференциясында бир катар талкуудагы темаларга чекит коюлду. 

  1. Өмүрбек Текебаевдин камактан боштулбай турганы.

Бардык соттук инстанция бүткөн. Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса, берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да”деп мамлекет башчы айткан.

Мамлекет башчынын жыйынында эмнелер белгилүү болду?

Өмүрбек Текебаевге мунапыс берүү тууралуу Феликс Кулов мындай деди:

“Текебаевге мунапыс берүү тууралуу мен Сооронбай Шариповчке мурда премьер-министрлер жана спикерлер менен жолукканда айткам. Текебаевдин уруксаты жок эле ага мунапыс берип койсо болот. Конституцияда мунапыс берүү тууралуу жазылган”.

Ал эми Текебаевге мунапыс берүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эместиги буга чейин эле белгилүү болгон.   Текебаев сот тарабынан коюлган айыпты мойнуна алган эмес. Анын жактоочулары да, тарапкерлери да Өмүрбек Текебаев Атамбаев бийлигинин саясий курмандыгы болуп калгандыгын айтып, айыптуу эмес деген пикирди карманып келишет.

Анын үстүнө кылмыш ишине жалгыз күбө өткөн Леонид Маевский көрсөтмө бергенден  кийин Текебаев коррупцияга айыпталып, сегиз жылга экркинен ажыратылган. Ал эми ошол Маевский Россияда шылуундукка айыпталып камакка алынганы да негиз болор деген үмүт бар болчу.

Текебаев колониядан ооруп, улуттук кардиология борборунла дарыланып жатат.

Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгына байланыштуу сүрөт көргөзмөсүндө Роза Отунбаева мындай деп чечкиндүү сүйлөдү:

 “Өмүрбек түрмөдө акыйкатсыздыктан улам олтурганын, биз баарыбыз алсыз болуп жатканыбызды сезип-билип, а түгүл уялып да турабыз. Акыйкаттыкты калыбына келтиргенге биз баарыбыз аракетти тайманбай жасашыбыз керек. Мен бүгүн Өмүрбекти тезирээк бошотууга чакырык таштайм” деп айтты Роза Отунбаева.

  1. Өмүрбек Бабановдун кылмыш иши кыскартылбай турганы

Мамлекет башчынын жыйынында эмнелер белгилүү болду?

19-декабрдагы басма сөз конференциясында Өмүрбек Бабанов боюнча да кылмыш ишин кааласа жаба берүү укуктук мамлекеттин иши эмес экенин мамлекет башчы билдирди. Демек, Өмүрбек Бабановго ачылга кылмыш иши кыскартылбай турганы анык болду.  

Анын айтымында, Бабановду акыркы жолу УТРК аркылуу өткөн дебатта гана көргөн. «Экс менен кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, менин атымдан кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүздү мен билбейм дагы, менин бул көйгөйүм эмес» деп билдирди президент.

Аны менен катар Президент кылмыш ишин козгоп, кааласа жаба берүү укуктук мамлекеттин иши эмес экенин белгиледи.

  1. Шайлоодогу финансылык мыйзам бузуулар тууралуу биринчи кезекте Фарид Ниязовдун жооп бере турганы.Мамлекет башчынын жыйынында эмнелер белгилүү болду?

Нурбек Токтакунов фейсбук түйүнүндо жарыялаган шайлоо алдындагы ашыкча корогон финансылык мыйзам бузуулар тууралуу суроого жооп берип, мамлекет башчы 19-декабрдагы басма сөз жыйынында буларга токтолду:

« Ал  (Алексей Василевецкий-ред.) «170 миң доллар алдым» деп айтты. Алса, келип жооп берсин. Ким берди? Кимден алды? Жооп берсин.

Бул жерде баары аппак, бирок штабдын башчысы Фарид Ниязов «жооп бербейм, тазамын» дейт. Биринчи Фарид Ниязов жооп бериши керек», — деди мамлекет башчы.

  1. Райым Матраимов  “сүймөнчүк” болуп кала берээри.

Мамлекет башчынын жыйынында эмнелер белгилүү болду?

19-декабрдагы басма сөз жыйынында коомчулуктун бүйүрүн кызытып келген суроолор берилип, бирок көпчүлүк күткөн жооп айтылбады.

Мамлекет башчы Баы кызматынын мурдагы төагасы Райым Матраимовду КСДП үчүн жан-алы калбай иштеп бергенин белгилеп  “мен кызматка келгенде эле жаман болуп калабы?” деди.

“ 2010-жылдан бери Райымбек Матраимов тууралуу эч ким сөз кылбай, сөз кылса деле көңүл бурбай келбеди беле. Мен кызматка келгенде эле аны «коррупционер, Жээнбековдун жакыны» деп чыгара калышты. Ал мага чейин эле иштеген, мен келгенден кийин иштен алып коюшту.

Азыр соттошуп жатат, өткөндө соттон утуп алыптыр, аны да менден көрүштү. Матраимовдор кандай гана шайлоо болбосун, КСДП үчүн жан дили менен иштеп беришкен. Искендер Матраимов КСДПнын мүчөсү, ушул партиядан депутат болду. 2010-жылы иниси Тилек Матраимов аким болуп, ошондон бери КСДПга иштеп келе жатат. Алар сегиз жыл жакшы болушуп, мен кызматка келгенден кийин эле жаман болуп калабы?” деди мамлекет башчы.

Сүрөттөр: Султан Досалиевдики (1) жана интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты