Кочкордо жол кырсыгынан эки киши каза болду
- 6 лет мурун
- Иликтөөлөр
Кочкордогу жол кырсыгынан эки киши каза болду.
Нарын облусунун Кочкор районунда кечээ кечинде 19-декабрда, саат 19:42 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 205-чакырымында, Кочкор айылында «Ауди-100» унаасы менен «КамАЗ» кагышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен “Аудидеги” 2 киши каза болуп, 1 адам жабыркаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып каза болгон адамдардын сөөгүн чыгарып, “Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган адам райондук ооруканага жеткирилген.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!