Абанын температурасы төмөндөйт

Абанын температурасы төмөндөйт20-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.  

Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жаан жаашы күтүлөт;

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3° сууктан +2° жылуулукка чейин;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин;

тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

2018-жылдын 20-декабрында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Төө-Ашуу ашууда, Ала-Белде Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда,  Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

  • Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты