Байыркы Куранды окуу жайга таберик кылган Сариев

Байыркы Куранды окуу жайга таберик кылган Сариев

Экс-премьерминистр Темир Сариев 18-кылымга таандык Куран китепти Ислам университетине белекке берип, Чубак Ажынын колуна тапшырды. Аталган китепти учурунда башка мамлекеттен сатып алып, тийиштүү мекемелерден 18-кылымга таандык деген сертификаты менен үйүнө алып келген. Буга чейин өзүнүн үйүндө сактап келген. Кечээ аны Кыргызстан Ислам университетине белекке берди.

Байыркы Куранды окуу жайга таберик кылган СариевЫйык китеп кол жазма менен жазылып, алтындын буусу жалатылган. Мукабасы булгаарыдан жасалып, барактары дагы өзгөчө сапатка ээ экени дароо көрүнөт. Окуу жайдын жамааты жана мусулмандар үчүн байыркы баалуу китепти алуу чоң кубаныч болгонун алар жашырган жок.

“18-кылымга таандык “Фатиха” сүрөөсүнөн “Ан-Нас” сүрөөсүнө чейин кол жазма менен жазылган Куран китебин убагында алдым эле. Буга чейин үйүмдө сактап келдим. Алмата шаарында атайын адистер анын 18-кылымга таандык экенин тастыктап сертификат беришкен”, — деди Темир Сариев.

Мындай байыркыга таандык баалуу китептер жалпы мусулмандар үчүн колдонууга берилгени эң туура жана сооп иш экенин Чубак Ажы белгилеп, Темир Сариевге ыраазычылыгын билдирип, окуу жайдагы ислам баалуулуктары камтылган китептерди белек кылды.

Байыркы Куранды окуу жайга таберик кылган Сариев“Бул китеп таберик китеп, мааниси ченемсиз. Адам кара жанын ойлоп, руханий баалуулук тууралуу эч ким ойлонбой калган учурда мына ушул китептин колубузда турганы бизге ишеним жаратат. Китеп менен, илим менен Махмуд Кашкари, Жусуп Баласагын жана башка биздин залкарлар чыккан. Бул таберик жалпы Кыргызстандын тумары катары буюм болуп калды десем туура болот. Мындай китептер дареги менен келип, урматка татыктуу болгон Ислам университетине келип турганы элдин динге болгон аң сезими ойгонгонунан кабар берет. Темир мырзага ыраазычылык билдирем, ушул китепти башкалардай болуп бекитип төргө илип алып мактанбастан, жалпы эл пайдалансын, студенттер окусун деп китеп илим экенин, жеке адамдын эмес, элдин байлыгы экенин иши менен көрсөттү. Ушул саамалыкты бардык адамдар пайдаланышы керек. Мындан тышкары илим-билимге болгон аракети, илимди колдоого далалат кылат деген ишенимдемин”, — деди Чубак Ажы.

Акылбек Чынтемиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты