“Өмүрбек Текебаев 60 жашта” сүрөт көргөзмөдөн фоторепортаж

Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракесине арналган сүрөт көргөзмө ачылды. Бул иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары жана партия мүчөлөрү катышты.

“Өмүрбек Текебаев 60 жашта” сүрөт көргөзмөдөн фоторепортаж

Иш -чараны уюштуруучуларынын бири “Ата Мекен” партиясынын аялдар канатынын төрайымы Асия Сасыкбаева аталган иш-чара Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракесине карата уюштурулганын билдирди:

“Өмүрбек Текебаев 60 жашта” сүрөт көргөзмөдөн фоторепортаж

— Биз Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракесин ушундай жол менен белгилөөнү чечтик. Анкени, ал кишинин абакта отурганына жакында эки жыл болот. Анын үстүнө ал бул күндө биздин арабызда жок, үй-бүлөсүнүн арасында жок, парламентте жок.

Мамлекетке мындай кишилер аябай керек. Себеби, өзүңөр билгендей ал киши өзүнүн жашоосун, өзүнүн билимин, тажрыйбасын мамлекет үчүн, эл үчүн жумшаган. Мамлекттин өнүгүшүнө, саясатына чоң салымын кошкон.

Бирок, Атамбаевдин режими аны абакка отургузуп, эки жылда коррупцияны андан дагы гүлдөткөн. Анткени, убагында Өмүрбек Текебаев коррупция менен күрөшүп турган. Коркконунан ууру чиновниктер ал кишини Европадан келе жатканда, аэропорттон кармап, ошол күнү кыска мөөнөткө соттоп, отургузуп коюшкан.

Ошондон бери мына Маевский деген чет мамлекеттин бир шылууну экен. Ал Россияда кармалды. Ошонун сөзүнө кирип алышты. Анын сөзүнө киргенден дагы, аны УКМКнын адамдары, Атамбаевдин өзү жалдап алып келген болуш керек деп ойлойм да.

Ошондуктан Өмүрбек Текебаевдин биздин арабызда жок экендигин билгизбей, ушундай фото көргөзмө менен белгилеп жатабыз, “Ата Мекен” партиясы.

Сүрөттөр партиянын архивинен, партиялаштардын архивдеринен, үй-бүлөсүнөн жана интернеттен алынды. Менин оюмча, иш-чара жакшы деңгээлде өттү. Эл көп келди. Бул керектүү нерсе деп ойлойм. Бул көргөзмө Өмүрбек Текебаевдин бийик деңгээлин, анын саясаттагы ордун көрсөтүүчү иш чара болду.

Сүрөт көргөзмөнүн ачылышында Эмилбек Каптагаев сөз сүйлөп,Өмүрбек Текебаевдин акталып чыгаарына ишенээрин айтты:

“Өмүрбек Текебаев 60 жашта” сүрөт көргөзмөдөн фоторепортаж

—Адамдын эркиндиги, адам укугу үчүн абдан ырааттуу күрөшүп келген Өмүрбек Текебаев болду да. Мен терең ишенем, ал акталат, чыгат, мындан ары дагы коомдо, мамлекетте өзүнүн кыла турган иши, жасай турган эмгеги астыда деп ойлойм. Бүгүнкү көргөзмөнү уюштуруп жаткандарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Бул абдан чоң окуя, коомдук мааниси бар окуя.

Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери :

“Өмүрбек Текебаев 60 жашта” сүрөт көргөзмөдөн фоторепортаж

— Өмүрбек Текебаев саясатка 27 жашында келген. Ошондон бери Кыргызстандын саясатына, мыйзамдуулугуна, сөз эркиндигине, коомдун ачык айкын болушуна, бийлик элдин көзөмөлүндө болуш керек деген концепцияга өзүнүн өмүрүн, жашоосун, мээнетин арнап келген.

Тилекке каршы, арабызда жок болгону менен жакында кайтып келет деп күтөбүз. Өмүрбек Текебаев көптөгөн кыйынчылыктарды, сыноолорду башынан өткөрүп келген. Эч качан сынган эмес, тайманбаган, артка кайткан эмес.

Ошонун кесепетинен, балким, система ар дайым ага аң уулап келген, торго түшүрөбүз деп. Мына “Матрешканы” провокация кылышты, андан кийин Таласта курал менен провокация кылышты, “Белизгейт” иши боюнча дагы провокациялап жатышат.

Акыры аны жөн эле жалаа жаап, мыйзамсыз, каралап туруп эле Атамбаевдин режими отургузуп салган. Мына эми Өмурбек Текебаев айткан, Атамбаевдин адамдарынын күнөөлөрү далилденип жатат.

Өмүрбек Текебаевдин сүрөт көргөзмөсүнөн сүрөттөр:

“Өмүрбек Текебаев 60 жашта” сүрөт көргөзмөдөн фоторепортаж

Текебаев эл менен жолугушуп жаткан учуру…

“Өмүрбек Текебаев 60 жашта” сүрөт көргөзмөдөн фоторепортаж

Өмүрбек Текебаевдин эл менен жолугушуулары

“Өмүрбек Текебаев 60 жашта” сүрөт көргөзмөдөн фоторепортаж

Өмүрбек Текебаевдин кыздары.

“Өмүрбек Текебаев 60 жашта” сүрөт көргөзмөдөн фоторепортаж

Өмүрбек Текебаевдин үй-бүлөсү.

“Өмүрбек Текебаев 60 жашта” сүрөт көргөзмөдөн фоторепортаж

Өмүрбек Текебаев саясатка 27 жашында келген.

“Өмүрбек Текебаев 60 жашта” сүрөт көргөзмөдөн фоторепортаж

Жакында анын камакта отурганына эки жыл болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты