Президент Кытайда камакта жаткан этникалык кыргыздар боюнча

Президент Кытайда камакта жаткан этникалык кыргыздар боюнчаКытайда камакка алынган этникалык кыргыздар боюнча этият мамиле кылышыбыз керек. Мындай пикирин маалымат жыйында Президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

«Кыргызстанда 25 кытай жараны түрмөдө жатат. Алар кыйкырган жок. Ал жактагы камактагылар Кытайдын жарандары, алар ошол өлкөнүн мыйзамы менен жооп берип жатат. Биздин жарандар боюнча биз ар кандай дипломатиялык жолдор менен иш алып барып жатабыз. Биз аларга кийлигише албайбыз. Кошуналар менен кандайдыр бир маселе боюнча урушпай-талашпай, жакшы чечишип алышыбыз керек. Кыйкырганда эле маселе чечилсе, мен биринчи болуп кыйкырып чыгат элем да» деп билдирди Жээнбеков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты