Президент үйбүлөлүк башкаруу, бир туугандары жана кудалары боюнча

Президент үйбүлөлүк башкаруу, бир туугандары жана кудалары боюнчаҮйбүлөлүк-кландык башкаруу эч качан болбойт. Бул тууралуу КР Президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди.

«Мен эгемендүү Кыргызстандын тарыхын жакшы билген адаммын. Ошону көрүп туруп мен үйбүлөлүк башкарууга кантип барайын?

Мен бир туугандарым тууралуу айтып койбосом, бул тууралуу сөз бүтпөйт окшойт. Он бир бир тууган болчубуз, азыр сегизибиз калдык. Баары жогорку билимдүү. Эң улуубуз каза болуп калды, илимдердин доктору болчу. Кийинки эжем мугалим, пенсияда.

Андан кийинки эжем — медик. Бишкекте бир поликлиникада иштейт. Номерин айтпай эле коеюн, аны дагы издеп барбагыла. Андан кийинки агам Жусупбек Шарипович элчи болуп сыртта жүрөт. Андан кийинки агам прокурор эле көзү өтүп кетти.

Андан кийин карындашым сыртта. Андан кийин Асылбек иним — депутат. Анан дагы бир карындашым, өзүнүн чакан иши бар. Андан кийинки иним айылдагы чарбасы бар, ошол жерде иштейт, атамдын конушунда. Мына менин бир туугандарым.

Бир кудам бар, аны менен сый мамиледебиз. Алар менен биз мамлекеттик маселелерди талкуулабайбыз. Мына азыркы эркин басма сөз кызматтары мага жардам берип жатасыңар. Мисалы, кечээ мен билбей калыпмын «Мегакомго» бир бөлүмдүн жетекчиси болуп кудамдын тууганы коюлган экен, силер жазып, көтөрүп чыктыңар, мен аны окуганча ал өзү арызын жазып кетип калыптыр. Мен турганда эч качан үбүлөлүк, кландык, топтук башкаруу эч качан болбойт. Мен муну убада берем», — деди Президент.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты