Сооронбай Жээнбеков: «Бабанов боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес»

Сооронбай Жээнбеков: "Бабанов боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес"Өмүрбек Бабанов боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес. Бул тууралуу КР Президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, Бабановду акыркы жолу УТРК аркылуу өткөн дебатта гана көргөн. «Экс менен кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, менин атымдан кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүздү мен билбейм дагы, менин бул көйгөйүм эмес» деп билдирди президент.

«Мени саткын деп айтып атканы боюнча. Мен жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойм деп убада бердим. Кайсы бир топтун кызыкчылыгын коргобой койду деп саткын десе дей берсин. Мамлекеттин кызыкчылыгын сатты дегенден Кудай сактасын» деди Жээнбеков.

Аны менен катар Президент кылмыш ишин козгоп, кааласа жаба берүү укуктук мамлекеттин иши эмес экенин белгиледи.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты