Жаңы жылдан тартып эрежени бузган айдоочунун күбөлүгү алынбайт

Жаңы жылдан тартып эрежени бузган айдоочунун күбөлүгү алынбайт2019-жылдын 1-январынан тартып жол эрежесин бузган айдоочулардын айдоочулук күбөлүгү алынбайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында «Коопсуз шаар» долбоорун карап жаткан учурда белгилүү болду.

Эми жол кесилиштерине коюлган атайын камералар аркылуу жол эрежесин бузуулар тартылып алынып, толтурулган протокол машиненин ээсине почта аркылуу барат. Айып пулдө төлөөгө бир ай убакыт берилет. Бир айдан кечиккенден кийин күнүнө 0,5% туум кошула баштайт.

Эске салсак, буга чейин жол эрежесин бузган айдоочунун күбөлүгү алынып, белиглүү бир мөөнөткө убактылуу күбөлүк жазылып берилчү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты