Парламент «Коопсуз шаарды» карайт

 

Парламент "Коопсуз шаарды" карайтБул тууралуу Парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Бул маселе бүгүн, 19-декабрдагы сессиянын күн тартибине биринчи болуп киргизилген. Депутаттар долбоорду ишке ашыруу тууралуу өкмөттүн маалыматын угушат.

Буга чейинки сессияларда долбоорду талкуулоо күн тартибиндеги эң акыркы маселе болуп, улам артка жылып келаткан.

Ага чейин долбоор тууралуу учкай гана сөз болуп, депутаттар арасында бул маселе «атайын акыркы болуп коюлуп, кенен талкуулоого мүмкүнчүлүк берилбей жатат» деген нааразылык чыккан. Ошондой эле долбоорду азыркы баадан «үч эсе арзан бүткөрсө болмок» деген пикирлер айтылган.

Бир нече жылдан бери талаш жаратып, алдыга жылбай келаткан «Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык “Вега» радиокуруу концерни ишке ашырганы турат. Аталган компания быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендерде жеңип чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты