Кар жаайт, туман басат
- 6 лет мурун
- Маек
Кыргызстанда 19-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы, туман басышы мүмкүн.
Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында бурганак болушу ыктымал.
Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абаддын айрым жерлерин туман басат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5; Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;Баткен, Жалал-Абад жана Ош аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3; Нарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман басат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 0…-2 градус болот.
Сүрөт: Интернеттен алынды.