Обончу, ырчы жана аткаруучу Дүйшөнбек Үкүев дүйнө салды

Обончу, ырчы жана аткаруучу Дүйшөнбек Үкүев дүйнө салды

 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын «Эл шайырлары» фольклордук тобунун ырчысы, обончу Дүйшөнбек Үкүев 16-декабрда 71 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Дүйшөнбек Үкүев 1947-жылы 20-июнда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Чычкан айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин 1967-жылы Бүткүл Союздук Жаштар фестивалына катышып, лауреат болгон. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик филармонияга ырчы-аткаруучу болуп кабыл алынган. Ал Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда 1967- жылдан бери ушул күнгө чейин жемштүү эмгектенип келди.

Үкүев  арген үндүү ырчы Жапар Чабалдаевдин шакирти болчу, ырдоо, аткаруучулугу жагынан улуу устатынан таалим-тарбия алган. Үнүнүн тембри, аткаруучулук чеберчилиги Чабалдаевдин дал өзүндөй болгон.

Дүйшөнбек Үкүев элдик жана улуу муундагы ырчы –обончу Муса Баетов, Атай Огомбаев, Жумамүдүн Шералиев, Ашыраалы Айталиевдин ж.б. ырларын өзгөчө эргүү менен аткарган.

Элүүдөн ашык обон жаратып, эки жүздөн ашык ырларды аткарган. Үкүевдин «Курбулар», «30 жаш», «Аныкпы», «Аёо», «Келсеңчи учкан куш болуп», «Бир элес», «Сага», «Көз алдымда элесиң», «Сагынам», «Заман шерти» аттуу ырлары обондору алтын казынадан орун алган.
2010-жылы ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты