Келерки жылдан тартып ишкерлерди текшерүүгө тыюу салынат

Келерки жылдан тартып ишкерлерди текшерүүгө тыюу салынат

Өкмөттөгү кеңешмеде.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Ишкердик субъекттерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө» токтомго 18-декабрда кол койду.

Мораторий 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-январына чейин иштейт.

Экономика министри Олег Панкратов маалымдагандай, маалыматтык технологиялардын ишке киргизилиши менен мамлекет жана бизнестин өз-ара аракеттешүү механизми юридикалык жана техникалык жактан өзгөрүүгө дуушар болот.

«Ошондуктан биздеги салттуу колдонулуп келе жаткан контролдоо жана текшерүү формалары иш жүзүндө актуалдуу эмес. Биз техникалык жөнгө салууга өттүк, бул жүгүртүлүп жаткан продуктулардын, товарлардын, анын ичинде өндүрүш, ташуу, сактоо жана утилизациялоо процессинин коопсуздугун камсыздоочу өзүн-өзү жөнгө салуучу тутум” деп маалымдады министр.

“Мамлекеттик орган мезгил-мезгили менен текшерүү катары эсептелбеген контролдук сатып алууларды жүргүзүүсү керек, анда рынокто жүгүртүлгөн товарлардын мүнөздөмөсү дал келүү документтерине салыштырылат. Эгер алар дал келбесе, аталган сертификатты берген лабораторияны аккредитациялоодон ажыратуусу үчүн маалымат аккредитациялоо боюнча органдарга берилүүсү керек».

«Салык кызматы бардык бүтүмдөрдү, товарлардын жылышын, салык төлөмүн чегерүүнүн тууралыгын онлайн режимде көрүп турат. Ушул механизмдин киргизилиши менен ишканада инспектордун катышуусундагы текшерүүгө муктаждыктар жана коррупция деңгээли толугу менен жоюлат деп ишенем», – деп эсептейт министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, ишкер субъектилерин текшерүү жүргүзүүгө киргизилип жаткан мораторий жарандардын коопсуздугуна жана ден-соолугуна эч кандай коркунуч келтирбейт.

Өкмөт башчы белгилегендей, бизнести текшерүүгө киргизилген тыюу салуу формалдуу түрдө болбостон, ишкерликти колдоого алуунун натыйжалуу механизми катары каралышы керек.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүкү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты