Кытай лагеринен Турдакун Абилет бошонуп чыкты

Кытай лагеринен Турдакун Абилет бошонуп чыкты

Турдакун Абилет

Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети жылуу кабары менен бөлүштү. Алардын айтымында Кытайда камалган Кыргызстандын жараны Турдакун Абилет кечээ, 17-декабрда, эркиндикке чыкты.

Аталган комитеттин айтуусунда эркиндикке чыккан Турдакун Абилет азыр Кытайдын Улуу- Чатында, атасы ооруп, анын жанында калды. Жакында Кыргызстанга келет.

Кытайда саясий тарбиялоо лагерлеринде бир миллиондой адам камалганы, алардын арасынан 50 миңдейи кыргыз деп айтылууда.

Кытайдагы кыргыздардын абалын жакшыртууга жардамдашуу тууралуу саясий кайра тарбия берүүчү лагерлерде жаткан кыргыздардын жакындары президентке кайрылышкан, ТИМдин алдына каршылык акциясына чыгышкан. ТИМ маалыматтарды дипломатиялык жолдор аркылуу тактоо иштери жүрүп жатканын билдирген.

Кытайлык-кыргыздарды колдоо комитети “Шинжанда болуп жаткан окуялар жалпы кытай элинин жасап жаткан иши эмес экендигин эске салат. Бул окуялар Шинжанды башкарууга келген саясий жетекчилердин зулум саясатынын жыйынтыгы деген ишеничте”  дешет.

Сүрөтү: Кытайлык кыргыздарды коргоо комитети тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты